Соңку 10 айда өрттөн 16 адам каза болду. ӨКМ эрежелерди эске салууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар в точке быстрого питания и находящейся рядом аптеке в Бишкеке
Крупный пожар в точке быстрого питания и находящейся рядом аптеке в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу тилсиз жоонун саны 38,9 пайызга азайган. 2019-жылы 10 айда 3 349 өрт катталган болчу.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери өрт кырсыгынан 102 адам куткарылып, 4 миллиард сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы Равшанбек Аширбековго таянуу менен билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө соңку 10 айдын аралыгында 2 045 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 16 адам каза таап, 23ү жабыркаган.

"Өздүк курамдын аракети менен тилсиз жоодон 102 адам куткарылып, 4 миллиард 586 миллион 564 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1 299 өрт турак жайларда чыгып, тилсиз жоонун жалпы санынын 63,5 пайызын түзгөн", — деди Аширбеков.

Ал эми былтыркыга салыштырмалуу өрттүн саны 38,9 пайызга азайганы айтылат. 2019-жылы 10 ай ичинде 3 349 өрт катталган болчу.

Ошондой эле ӨКМ кыш мезгилиндеги өрттүн чыгышын алдын алуу үчүн төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет:

  • бузук меш жана морлорду колдонбогула;
  • меш, морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек;
  • бузук электр орнотмолорун (розетка, вилка, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларды, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын койбогула.
Жаңылыктар түрмөгү
0