Эч нерсеси калбаптыр! Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

© AFP / JOE RAEDLEУнаа жол кырсыктан кийин. Архив
Унаа жол кырсыктан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 31-окт. – Sputnik. Боом капчыгайында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы болду. Бул тууралуу “Короче” Telegram-каналына жарыяланды.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык 31-октябрь күнү саат 17:00дөр чамасында болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Бишкек – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып парапетти коюп кеткен. Окуянын кесепетинен унаадагы жүргүнчү каза таап, айдоочусу ооруканага жаткырылган. Жол кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0