Кыргызстанда кечээтен бери жети адам коронавирустан каза тапты

© AP Photo / David J. PhillipСитуация в Сербии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Сербии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн суткада кайтыш болгон бейтаптар Бишкек шаары, Чүй, Талас жана Баткен облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Соңку бир күндүн ичинде Кыргызстанда коронавирустан жети киши көз жумду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Экинчи толкунга даярданыш керек. Адистер Жээнбековго бир нече сунуш айтты

Бейтаптар төмөнкү ооруканаларда дарыланып жаткан:

  • Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасы — 78 жаштагы эркек киши;
  • Баткен облустук ооруканасы — 71 жаштагы аял;
  • Нарын облустук ооруканасы — 72 жаштагы аял;
  • Жайыл аймактык ооруканасы — 42 жаштагы аял, 63 жаштагы эркек киши;
  • Кара-Буура аймактык ооруканасы — 79 жаштагы эркек киши;
  • Панфилов жалпы дарыгердик практика борбору — 53 жаштагы эркек киши.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 167 кишини түздү.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0