Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус табылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаОтчет Правительства КР на заседании Жогорку Кенеша
Отчет Правительства КР на заседании Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин эки депутаттан коронавирус чыккан. Алардын Бишкектеги Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында дарыланып жатканын саламаттык сактоо министринин орун басары брифингде билдирген.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус табылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, ушуну менен төрт эл өкүлү коронавирус жуктуруп алды.

"Дагы эки ЖК депутатынан COVID-19 аныкталды. Ушуну менен төрт депутат, төрт аппарат кызматкери коронавирустан дарыланып жатат. ПЦР-тест тапшыруу иштери уланууда. Оорудан сак болуңуздар!" — деп жазган ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы чыкты
Эске салсак, буга чейин коронавирус аныкталган эки эл өкүлү Бишкектеги Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында дарыланып жатканын саламаттык сактоо министринин орун басары брифингде билдирген.

Кыргызстанда бир суткада 228 адамдан коронавирус чыгып, жалпы жуктургандар 3 954кө жетти. Анын ичинен 2 112си айыгып, 43 адам каза болду.

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram каналыбыздан таанышып туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0