00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Коронавирус аныкталып көз жумган биринчи медик. Чоо-жайы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКарантинный центр в Коммунарке
Карантинный центр в Коммунарке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө жалпысынан коронавирус 769 адамдан аныкталды. Анын ичинен 527си айыкты. Азыркы тапта стационарда 232 бейтап дарыланып жатат.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бишкектин республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирус аныкталып көз жумган 57 жаштагы дарыгердин кошумча да оорулары болгондуктан ал вируска туруштук бере албай калган. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон медик №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы болгон.

Бул Кыргызстанда коронавирустан улам дарыгер каза болгон алгачкы учур. Ушу тапта анын уулу дагы COVID-19 инфекциясын жуктуруп ооруканада дарыланып жатат. 

Аалиевдин айтымында, врач 24-апрель күнү ооруканага келип жаткан.

“Каза болгон дарыгер бизге оор абалда келди. Дароо эле коронавируска анализ тапшыртып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Вирусту кайдан жуктурганын эпидемиологдор аныктайт", — деди Аалиев.

Оорукананын жетекчиси кошумчалагандай, каза болгон дарыгердин мурда да өнөкөт оорулары болгон. Ал кант диабети, гипертония, өнөкөт жүрөк оорусу менен жабыркап келген.

“Баласынын абалы жакшы. Жакында ооруканадан чыгарганы турабыз”, — деди Аалиев.

Экспресс-диагностика на антитела к коронавирусу в клинике Hadassah Medical Moscow в Сколково - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 13 кишиден коронавирус чыкты
Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөнөрүн айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бейтаптарды дарылап жүрүп коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сомдон, ал эми каза болгон медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө бир миллион сом компенсация берилерин айткан. 

Өлкөдө жалпысынан коронавирус 769 адамдан аныкталды. Анын ичинен 527си айыкты. Азыркы тапта стационарда 232 бейтап дарыланып жатат. Бүгүнкү эки киши менен коронавирус аныкталып көз жумгандардын саны 10го жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0