Чүйдө кишинин баштыгынан 6 кг героин табылды. Сүрөт

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүУничтожение наркотиков в Нижегородской области
Уничтожение наркотиков в Нижегородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын маалыматына караганда, Баткен облусунан Чүйгө баңгизатын жөнөтүп турган туруктуу канал аныкталды.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Чүй облусунда кишинин баштыгынан алты килограмм героин табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Баткен облусунан Чүйгө баңгизатын жөнөтүп турган туруктуу каналды аныктоо операциясы ийгиликтүү аяктады. 

© Фото / пресс-служба МВД КРЧүй облусунда кишинин баштыгынан алты килограмм героин табылды
Чүйдө кишинин баштыгынан 6 кг героин табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунда кишинин баштыгынан алты килограмм героин табылды

11-декабрь күнү Ысык-Ата районундагы стационардык посттон жеңил унаа токтотулган. Рулду 33 жаштагы кыргызстандык башкарып бараткан. Унаанын салонунан баштыкка салынган баңгизат табылган. 

© Фото / пресс-служба МВД КРШектүүлөр
Чүйдө кишинин баштыгынан 6 кг героин табылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Шектүүлөр

Ал эми 13-декабрда Баткен облусунда баңгизатын жүгүрткөн каналды түздү деп 50 жаштагы киши колго түшкөн. Эки шектүү тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0