Жалал-Абадда өзбек чек арачылары ээн-эркин жүрөбү? Чек ара кызматынын жообу

© AP Photo / Anvar Ilyasov, PoolПограничная зона между Узбекистаном и Афганистаном
Пограничная зона между Узбекистаном и Афганистаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарга "өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирип жүрөт" деген тариздеги маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кечээ, 7-декабрь күнү, кыргыз-өзбек чек арасында мыйзам бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарга "өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирип, ээн-эркин жүрөт" деген тариздеги маалыматтар тараган.

"Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айылына караган Ак-Курча аймагында кыргыз жаранынын жайылып жүргөн малы Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун ортосундагы келишимге ылайык, чек арачы кирип кеткен малды кайра айдап коюшу керек. Андыктан кыргызстандыктын малын өзбек чек арачысы айдап кирген", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол учурда эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда кайым айтышуу болуп кеткен.

"Окуя болгон жерге барган кыргызстандык чек арачылар өзбекстандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, пикир келишпестиктер чечилди", — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Учурда чек арага жакын жайгашкан аймактардагы тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматы коңшу өлкөгө жакын жайгашкан айыл-кыштактардын тургундарын коңшулар менен кандай маселе жаралса дагы тиешелүү органга кайрылып, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0