ИИМ: Айэркен Саймаитиге Кыргызстандын паспорту мыйзамсыз берилген

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаграничный паспорт гражданина Кыргызской Республики
Заграничный паспорт гражданина Кыргызской Республики  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча өзүнчө өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Түркияда киши колдуу болгон Кытайдын Айэркен Саймаити аттуу жараны 1982-жылкы Самятов Эркин Салимович деген ысым менен Кыргызстандын ID-картасын жана чет элдик паспортун мыйзамсыз негизде жасатып алган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын июль айында Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Мыйзамсыз негизде паспорт берүү") боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Териштирүүнүн натыйжасында Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмүнүн А.А. аттуу алдыңкы адисине 330 ("Мыйзамсыз негизде паспорт берүү"), 320 ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 359-беренеси ("Документти жасалмалоо") боюнча айып тагылган. Иш Жалал-Абад облустук сот органдарына жиберилген", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Кытай жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча өзүнчө өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Министр внутренних дел КР Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан
ИИМ киши колдуу болгон Саймаити Кыргызстанда эмне кылмыш кылганын айтты
Белгилей кетсек, ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган. Ишкер дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.

Түркиялык ЖМКлардын жазганына караганда, аны өлтүрдү деген шектүүлөр Адана аймагынан Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган маалда колго түшкөн. Өлтүрдү деп шектелген кыргызстандыктардын аты-жөнү Хусейин Ахматалиев жана Абдуллах Энвер деген маалыматтар тарады. Шектүү катары кармалган дагы бир киши Али Исбехтин сириялык экени кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0