Бишкек милициясы жоголуп кеткен франциялык саякатчыны таба элек

© Фото / Pixabay / StockSnapСлучаи насилия над женщинами
Случаи насилия над женщинами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда 25 жаштагы чет элдик жарандын жоголгондугу тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк ЖМКлар ал аман-эсен табылгандыгын жазышкан.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкекте жоголгон франциялык саякатчы Флориентина Кариер табыла электигин шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда 25 жаштагы чет элдик жарандын жоголгондугу тууралуу кабар тараган. Кийинчерээк ЖМКлар ал аман-эсен табылгандыгын жазышкан. Милиция бул такталбаган маалымат экендигин белгиледи. Айрым маалыматтар боюнча, кыз тоого чыккан.

Случаи пропажи детей в КР - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жоголгон 13 жаштагы кыз үйүнүн жанынан табылды
Милициядан билдиришкендей, жоголуп кеткен кыздын Пьер аттуу досу милицияга кайрылып, ал 9-октябрдан бери байланышка чыкпай жаткандыгын айткан. Ошондой эле милицияга саякатчынын жолдошу арыз жазып, Флорентина 9-октябрь күнү Оштон Бишкекке келгенден кийин жоголгонун билдирген. Кызды акыркы ирет Ысык-Көл облусу жактан, тагыраагы, Бишкек — Балыкчы жолунун четинен көрүшкөн. Ошол себептен издөө иштерине ЖКККББнын аймактык кызматкерлери тартылды.

Ал арада ӨКМдин маалымат кызматы 9-октябрь күнү жоголгон Бельгиянын эки жараны табылганын билдирди. Алар Ысык-Көлдөгү Ала-Көлгө барып жоголуп кеткен. ӨКМге чет элдиктердин табылгандыгы тууралуу Бельгиянын Кыргызстандагы консулдугу менен алардын жакындары кабарлашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0