00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адвокат: Атамбаевдин 28 томдук иши менен 5 күндө таанышууга мажбурлап жатышат

Жазылуу
Атамбаевдин жактоочулары тергөөчүлөрдүн токтому боюнча арыз даярдашат.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарына 28 томдук иш менен таанышып чыгууга беш күн гана берилип жатат. Бул тууралуу анын жактоочуларынын бири Замир Жоошев Facebook баракчасына жазды.

Атамбаевди түрмөгө киргизген жол. Кой-Таштан абакка чейинки видео - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди түрмөгө киргизген жол. Кой-Таштан абакка чейинки видео
Сөз кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу болуп жатат. Адвокаттын айтымында, тергөө иштери 4-сентябрда аяктаган. 5-сентябрда тергөөчүлөр таанышууга материалдарды берген. Ал эми 6-сентябрда тергөөчүлөр адвокаттарга 28 томдук иш менен 11-сентябрга чейин таанышуу керектиги боюнча токтомду тапшырышкан.

Жоошев эгер бул талап боюнча иштешсе бир күндө беш томдон ашык иш менен таанышууга туура келерин айтып, ар бир том 300-400 барактан турарын белгиледи.

"Биз мындайга макул эмеспиз, себеби КРдин Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, айыпталуучу менен анын жактоочулары иш менен таанышуусу үчүн убакыт чектелбеши керек", — деп жазды ал.

Жоошев тергөөчүлөр эгер шектүү менен анын жактоочусу чындап эле убакытты созуп жатса гана иш менен таанышуу убактысын чектей ала турганын кошумчалады.

Эми Атамбаевдин жактоочулары тергөөчүлөрдүн токтому боюнча арыз даярдашат.

Атамбаевдин багынышы

2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында УКМКнын атайын аскерлери Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция өтүп, максатына жеткен эмес. 8-августта укук коргоо органдары Атамбаевдин үйүнө бастырып киргенде гана мурдагы президент багынып берген.

Атамбаев бир нече кылмыш иши боюнча айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0