Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиевди издөөгө жалпысынан 10 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 1976-жылы туулган А.Э. аттуу эркек адам Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй көлдү сүзүп баратып, дайынсыз болгону тууралуу маалымат келген.
"Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл райондук №31 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3, Тоң райондук №38 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 жана суучулдар кызматынан 2 киши тартылган. Жалпысынан 10 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.