Председатель правления РКФР Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан

Эркин Асрандиев Ысык-Көлдү сүзүп өтүп баратып жоголду. Учурда эмне болуп жатат?

Жазылуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиев көлдү сүзүп өтүүгө аракет кылган. Коштоп жүргөндөр катуу толкундан кийин аны таппай калышкан.

Асрандиев жоголгону тууралуу тууганы Гүлбара Барыктабасова билдирди. Анын айтымында, Асрандиев Тору-Айгырдан Кара-Талааны көздөй сүзүп бараткан. Саат 18:00дөр чамасында эки метрлик толкун болгондон кийин аны таппай калышкан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
03:54 01.09.2019

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиев аман-эсен табылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Асрандиевдиевди түнкү саат экилер чамасында табышкан, ал өзү байланышка чыккан.

Пропажа главы РКФР Эркина Асрандиева на озере Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
22:33 31.08.2019

Эркин Асрандиев былтыр Sputnik Кыргызстанга берген маегинде Көлдү дагы бир ирет сүзүп өтүүнү кыялданып жатканын айткан.
Журналист: 2017-жылы Ысык-Көлдү сүзүп өткөнсүз. Бүтүндөй 15 чакырым аралык эле. Биздин редакциядагылар сиздин спорттук даярдыгыңызга айран таң калышкан. Кийинки багындырган "бийиктик" кандай болот?


Асрандиев: Былтыркы жарыш абдан оор болгон. Быйыл андай максаттарды койгон жокмун. Үч ай мурун фондду жетектөөгө дайындалдым, ал себептен ишке бүт ыкласымды койдум. Машыгууга да убакыт табылбай калат, ал эми кең аралыкты сүзүп өтүүгө режимди сактоо зарыл. Бирок кыялым дагы деле ошол бойдон...

Маек толугу менен бул жакта. 

21:53 31.08.2019

ӨКМдин билдиришинче, кеме жетери менен суучулдар көлдүн үстүнөн издеп, ал эми куткаруучулар суу жээктерин карайт. Асрандиев табылмайынча издөө иши түнү бою жүрөрү кабарланды. 

Поиски главы РКФР Эркина Асрандиева, пропавшего на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
21:33 31.08.2019

ӨКМдин маалымат кызматы Эркин Асрандиевдин сууга чөгүп кеткени тууралуу саат 18.40та чакыруу түшкөнүн билдирди.
Издөө иштери жүрүп жаткан жердин сүрөттөрү жарыяланды

Поиски главы РКФР Эркина Асрандиева на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
21:20 31.08.2019

ӨКМдин маалымат кызматынын такталган маалыматы боюнча азыркы тапта жеринде алты суучул, төрт куткаруучу издеп жатат. Мындан сырткары дагы үч суучул, эки куткаруучу жөнөп кетти.

21:03 31.08.2019

Издөө иштерин жүргүзүүгө куткаруучулар дагы тартылууда. Алардын саны 15ге жетти.

20:59 31.08.2019

Эркин Асрандиевди издөө үчүн ӨКМдин кемеси чыгып кетти. Ал окуя болгон жерге үч-төрт сааттан кийин жетет. Издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун жеке көзөмөлүнө алды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

20:03 31.08.2019
19:37 31.08.2019

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиевди издөөгө жалпысынан 10 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 1976-жылы туулган А.Э. аттуу эркек адам Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй көлдү сүзүп баратып, дайынсыз болгону тууралуу маалымат келген.

"Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл райондук №31 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3, Тоң райондук №38 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 жана суучулдар кызматынан 2 киши тартылган. Жалпысынан 10 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0