00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:11
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көлдө скутер менен жоголгон турист: эки түн уктаган жокмун, үмүт үзүлүп бараткан...

CC0 / Youtube / axe20 / Поиски человека на скутере
Поиски человека на скутере - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык турист скутердин майы түгөнүп жүрбөй калгандыктан, Ысык-Көлдүн түштүк жээгине сүзүп өтүүгө аргасыз болгонун айтат.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө ижарага скутер алып эки күнгө жоголуп кеткен казакстандык турист Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына кантип аман калганын баяндап берди.

Ал скутердин майы түгөнүп жүрбөй калгандыктан, түштүк жээкке сүзүп өтүүгө аргасыз болгонун айтат.

"Скутер менен көлдүн башка тарабына өтүп, түштүк жээкти көрүп сейилдеп келейин дегем. Бирок 15-20 мүнөт жүргөндөн кийин бензин түгөнүп калды. Менде коопсуздук жилети жана сууга түшүүгө ылайыкталган чолок шымдан башка эч нерсе жок эле. Карасам, артка кайткандан көрө түштүк жээкке баруу жакындай туюлду. Аралыгы болжол менен жети чакырым экен. Анан скутерди калак менен айдоого өттүм", — деди турист.

Казакстандын жараны ошол учурда адам бойлуу катуу толкун башталып, скутери сүрүлүп отуруп, Каракол тарапта болуп калганын билдирди.

"Шамал, толкун мени түндүк тарапка алып бара жатты. Канча алышсам да түштүк жээкке жетпей калдым. Түнкү саат 2лерде скутерде уктадым, үч жолу оодарылып кетейин деди, бир калыпта кармоого аракет кылып жаттым. Ал эми экинчи түнү жарыктарды көрүп болжолдуу даректи билип жөнөдүм. Бирок калак менен жүрүүгө болбой калды. Түнкү саат үчтө шамал дагы башталды. Ал эми эртең мененки саат жетиде Кажы-Сай жакта болуп, жээкке беш чакырымдай калыптырмын. Ошол учурда скутер чөгүп кетти. Анан өзүм сүзүп жөнөдүм. Жээкке 300 метр калганда алым кетип, капталдап, чалкалап эптеп сүзүп бараттым. Жетпейм го деп үмүтүмдү үзүп калгам. Жээкте бир дарак бар экен, аны кармап чыгып ошол жерде эс алдым. Эки түн уктаган жокмун. Жолго чыксам Кажы-Сай экен, чолок шым, тапичке сатып алдым да маршруткага чыгып, Балыкчыга келдим. Андан бери пансионатка жеттим", — деди турист.

Найденный казахстанец, которого три дня искали на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Скутеримди төлөп бер! Көлдө жоголгон казакстандык туристке доо коюлууда
Ошондой эле ал сууга түшүүчү чолок шымына акча салып алуу адаты бар экенин, ошол каражат менен аман-эсен кайтып келгенин белгилейт.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында эс алып жүргөн Казакстандын 53 жаштагы жараны 14-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө бардык күчтөр тартылганын Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев айтып берип, атайын чакан амфибия учагы да тартылганын кошумчалаган. Бактыга жараша, ал 16-июлда кечинде аман-эсен табылган. Турист милицияга көрсөтмө берип жатканда скутер чөгүп кеткенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0