БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ысык-Көлгө эс алууга келип, бирок эки күндөн бери жоголуп кеткен казакстандык турист табылды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында эс алып жүргөн Казакстандын 53 жаштагы жараны 14-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан.
Кийинки маалыматтарда скутер айдап кетерде үстүндө куткаруучу жилети болгону да айтылган.
"Алдын ала маалыматтарга караганда, ал түндүк жээктен түштүк жээкке сүзүп барган да, Кара-Ойго такси менен келгендигин айтып берди. Ал эми скутери көлгө түшүп кеткенин кошумчалады. Учурда милиция бөлүмүнө алып келип, тактоо иретинде сураштырып жатабыз", — деп айтты Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов.
Казакстандын жаранын издөөгө бардык күчтөр тартылганын Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев айтып берип, атайын чакан амфибия учагы да тартылганын кошумчалаган.