БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында эс алып жүргөн Казакстандын 53 жаштагы жараны дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-июль күнү М.А. аттуу киши скутер айдап кеткен бойдон кайтып келген эмес.
"Бүгүн, 15-июлда, 66 куткаруучу жана эки жергиликтүү тургун моторлуу кайык менен издөө иштерин жүргүзүп жатат", — дешти ӨКМден.
Кошумча маалымат берилет.