00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дарыгер: Рысалиевдин абалы оор, инсультка кабылышы мүмкүн. Сүрөт

© Sputnik / Нурис АлымбаевГоспитализация депутата КР Зарылбека Рысалиева
Госпитализация депутата КР Зарылбека Рысалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рысалиев бүгүн сурак маалында өзүн начар сезе баштаган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бүгүн, 7-июнда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз боштондукка чыгып кетиши боюнча ИИМде сурак берип жатып ооруканага түшкөн ЖК депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы оор. Бул тууралуу эл өкүлү жаткырылган КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн нөөмөттөгү дарыгери Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Дарыгердин айтымында, аны экинчи ирет инсультка кабылды деген божомол болууда.

© Sputnik / Нурис АлымбаевЭске салсак, бүгүн ИИМдин мурдагы башчысы, азыркы эл өкүлү Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигинде сурак берип жаткан учурда абалы начарлап, ооруканага жеткирилген.
Эске салсак, бүгүн ИИМдин мурдагы башчысы, азыркы эл өкүлү Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигинде сурак берип жаткан учурда абалы начарлап, ооруканага жеткирилген. - Sputnik Кыргызстан
1/1
Эске салсак, бүгүн ИИМдин мурдагы башчысы, азыркы эл өкүлү Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигинде сурак берип жаткан учурда абалы начарлап, ооруканага жеткирилген.
1/1
Эске салсак, бүгүн ИИМдин мурдагы башчысы, азыркы эл өкүлү Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигинде сурак берип жаткан учурда абалы начарлап, ооруканага жеткирилген.

“Аны МРТ аппаратына тарттырып келишти. Бирок невролог анын жыйынтыгын көрө элек. Учурда абалы туруктуу оор деп бааланууда”, — деди дарыгер.

Эске салсак, бүгүн ИИМдин мурдагы башчысы, азыркы эл өкүлү Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигинде сурак берип жаткан учурда абалы начарлап, ооруканага жеткирилген.

Ал эми ИИМден депутаттын абалы сурак маалында начарлап кетти деген маалымат чындыкка туура келбестигин айтышууда.

“Рысалиев саат 10.00гө ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылган. Эки саатка созулган сурактан кийин түшкү тамакка чыгышкан. Андан кайтып келе жатканда көчөдөн абалы начарлаган. Ошол жерден эле Тез жардам кызматы чакыртылып, ооруканага жеткирилди. Анын 48 саатка камакка алынды, учурда палатасы кайтарылып жатат деген маалымат жалган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Батукаев иши

Аида Салянованын үч жашар кызы ыйлады. Соттун өкүмүнөн кийинки кадр - Sputnik Кыргызстан
Аида Салянованын үч жашар кызы ыйлады. Соттун өкүмүнөн кийинки кадр
2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын билдирип, көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган. Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган.

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгон. Ал эми 5-июнда экс-прокурор Аида Салянова дагы камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0