Эки адамды сабап оорукана алдына таштап кетишкен. Шектүүлөр кармалды. Сүрөт

© AFP / NOEL CELISЗадержание подозреваемых в Кыргызстане
Задержание подозреваемых в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-апрель күнү белгисиз адамдар катуу сабалган эки кишини оорукананын алдына таштап кетишкен. Шектүүлөр буга чейин бир нече ирет соттолгон.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Эки адамды катуу сабап оорукананын алдына таштап кеткен окуяга шектелип эки киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кылмыш 10-апрелде түндө болгон. Белгисиз адамдар аларды №2 төрөтканага жакын жерге таштап кетишкен. Кийинчерээк экөө тең реанимация бөлүмүндө каза табышкан

© Фото / пресс-служба МВД КР Эки адамды катуу сабап оорукананын алдына таштап кеткен окуяга шектелип эки киши кармалды
Эки адамды сабап оорукана алдына таштап кетишкен. Шектүүлөр кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Эки адамды катуу сабап оорукананын алдына таштап кеткен окуяга шектелип эки киши кармалды

"Ошол эле күнү Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Баш айылынан ооруканада көз жумгандардын биринин Audi C6 үлгүсүндөгү унаасы табылган. Автонун салонунда кандын тактары, тапанча, бинокль жана уюлдук аппараттар болгон. Кылмышка шектелип 1984-жылкы Т.М. жана 1981-жылкы А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экөө тең Чүй облусунун тургундары", — деп айтылат маалыматта.

Колго түшкөндөр бир нече ирет соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турат.

Милиция үчүнчү шектүүнү — уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Дөө" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловду издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0