БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы Маалымат технологиялары, механика жана оптика улуттук изилдөө университетинин бешинчи кабатынан экинчи кабатына чейинки бетон шыбы урап түшкөн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Ага ылайык, Ломоносов атындагы көчөдө жайгашкан имарат беш кабаттуу.
В ИТМО обвалилась крыша на пятом этаже https://t.co/Y2BIHzdUMY pic.twitter.com/2iknxjvwu6
— ТВ Санкт-Петербург (@topspb_tv) 16 февраля 2019 г.
Кырсык болгон учурда имаратта факультативдик сабактар өтүлүп жаткан. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Имараттан 81 киши коопсуз жайга чыгарылды.
ӨКМдин маалыматы боюнча оңдоо иштери учурунда техникалык коопсуздук сакталбаган имараттын шыбы урап түшүшү ыктымал.
Кырсык болгон жерге тийиштүү кызматтан тышкары шаар бийлигинин өкүлдөрү да келди.