Баткенде айылдашын бетке аткан шектүү Казакстандан экстрадицияланды

© Фото / пресс-служба МВД КРПокушение на убийство в Баткене
Покушение на убийство в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин маалыматына караганда, шектүү айылдашын өлтүрүүнү пландап жүргөн.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Оор кылмышка шектелген киши Казакстандан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы айылдардын биринде белгисиз адам аңчылык мылтыгы менен 23 жаштагы жигиттин бетине аткан. 

© Фото / пресс-служба МВД КРПокушение на убийство в Баткене
Покушение на убийство в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Покушение на убийство в Баткене

"Окуя 2018-жылдын 26-августунда саат 02.00дөр чамасында болгон. Жабырлануучу оор жаракат алгандыктан милицияга көрсөтмө бере алган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Кадамжай райондук ИИБдин кызматкерлери ошол эле райондун тургунун, акыркы мезгилде Москвада иштеп жүргөн 22 жаштагы кишини шектүү катары аныктаган.

Нож в руках у мужчины - Sputnik Кыргызстан
Ошто 45 жаштагы аял бычакталып, шектүү катары күйөө баласы кармалды
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-97-беренелери (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Укук коргоочулар шектүү Казакстанда экенин жана Россиянын чек арасына жөнөп жатканы тууралуу маалыматка ээ болушкан. Оперативдик-издөө аракеттерине Казакстандын укук коргоочулары кошулуп, шектүүнү өткөн жылдын 28-августунда Уральск шаарынан кармашкан.

Тергөө учурунда шектүү айылдашын мурда эле өлтүрүүнү пландап жүргөнү аныкталган. Ошондой эле ал тоого бекитип койгон куралы дагы табылган. Учурда ал Оштогу СИЗОго киргизилип, тергөө амалдары аяктоо алдында турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0