Ысык-Көлдө арыктан киши колдуу болгон 32 жаштагы кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи разбойных нападений в Кыргызстане
Случаи разбойных нападений в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таанылбай калгыча сабалган адам Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жарандык никедеги келинчеги менен соода кылчу.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айлында кыйнап өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү арыктан табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, сөөктү 27-октябрь күнү саат 8.00дөр чамасында көрүп калышкан. Ошондой эле ал Каракол шаарынын тургуну болгону маалым болду.

"Окуя болгон жерге келген милиционерлер бети таанылбай калгыча сабалган 32 жаштагы жигиттин сөөгүн жана жанынан канга боелгон союл табышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги түнкү клубдардын биринде болгон мушташтан бала каза болду
Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери маркумдун кошуна-колоң, жакындарын суракка алган.

Киши колдуу болгон адам буга чейин Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жарандык никедеги келинчеги менен соода кылып келгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0