16:58 22 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3319
  • EUR79.8391
  • RUB1.0616
Оцепление милицией дома на улице Исанова в Бишкеке

Бишкектин чок ортосундагы жарылуу. Учурда эмне болуп жатат

© Sputnik / Максат Элебесов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Россиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу (8)
2201 0 0

Ишкерге кол салуу болду деген версия да айтылууда.

Борбор калаанын Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жарылуу болгонун жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Ушу тапта окуя болгон жерде саперлор иштеп жатат. 

Жаңы билдирүү
  • 17:13

    Бишкектеги жарылуудан жаракат алган ишкер ооруканадан чыкты

    Бишкектеги жарылуудан жабыркаган россиялык ишкер Александр Гайдуков ооруканадан чыкканын Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдиришти.

    Белгилей кетсек, 10-августта Бишкек шаарынын Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн короосунда жарылуу болуп, милиция аймакты курчоого алган. Жарылуудан россиялык ишкер Александр Гайдуков жаракат алып, травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

    "Анын колунан жана бутунан майда сыныктарды алып чыктык. Гайдуковдун абалы канааттандырарлык, ал ооруканадан чыкты", — дешти дарыгерлер.

    Гайдуковго 2016-жылы дал ушул жерден кол салуу болуп, белгисиз бирөө ишкерге ок чыгарган. Бул иштин бети ачылбай калган.

     

  • 16:32

    Россиялык ишкердин эмне байлыгы бар экени белгилүү болду.

    Оцепление милицией дома на улице Исанова в Бишкеке

    Бишкектеги жарылуудан жабыркаган бизнесмендин эмне байлыгы бар

    Бизнесмен буга чейин УКМКда иштегени маалым болду.
    Дагы
  • 16:31

    Жабырлануучунун Александр Гайдуков аттуу ишкер экени маалым болду. Ушу тапта ал ооруканада, абалы канааттандырарлык.

  • 15:45
    Исанов көчөсүндөгү жарылуу болгон жердеги тез жардам кызматы

    Бишкектеги жарылуудан жабыркаган киши ооруканада

    Эркек кишинин абалы ортодон начарыраак экени айтылды.
    Дагы
  • 14:15

    Instagram тармагында жарылуу болгон жердин видеосу жайгаштырылды.

  • 13:44

    Милиция кызматкерлери буга чейин тинтүүгө алган Lexus LX 470 унаасынын багажнигин текшеришүүдө.

     

  • 13:37

    Ушу тапта милиция кызматкерлери саперлор менен үйдүн подъездине кирип кетишти. Милиционердердин саны азая түшкөнү байкалат.

    Сотрудников милиции в оцеплении стало меньше
    © Sputnik / Максат Элебесов
    Оперативники вместе с саперами зашли в этот подъезд
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 13:36

    Бир адамдын колунан жаракат алганы айтылды

    Окуя болгон жердин бет маңдайында жайгашкан Тез жардам станциясы жарылуудан кийин адам чуркап келип, бир кишинин колу жабыркаганын айткан. Тез жардам бригадасы аталган жерге чыгып кеткен. Жабырлануучуну №4 ооруканага алып кетишкени белгилүү болду. 

    На улице Исанова в Бишкеке милиция выставила оцепление рядом с многоэтажным домом
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 13:24

    Курчоого Исанов, 98А дарегинде жайгашкан 10 кабаттуу үй алынган. Кара түстөгү Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа тинтилүүдө.

    На улице Исанова в Бишкеке милиция выставила оцепление рядом с многоэтажным домом
    © Sputnik / Максат Элебесов
    На улице Исанова в Бишкеке милиция выставила оцепление рядом с многоэтажным домом
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 13:21
    Милиция Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанындагы аймакты курчоого алды.

    Жарылуу болдубу? Исанов көчөсүндөгү окуянын сүрөтү

    Алдын ала маалымат боюнча бизнесменге кол салуу болгон.
    Дагы
  • 13:20

    Окуядан эч ким жабыркаган жок

    Жарылуудан жабыркагандар жок экенин Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов билдирди.

    На улице Исанова в Бишкеке милиция выставила оцепление рядом с многоэтажным домом
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 13:18

    Жол кыймылына инспекторлор көз салып турат

  • 13:17

    Ушу тапта ишкерге кол салуу болгон деген версия да айтылууда. Жарылууну жергиликтүү тургундар уккан. Окуя болгон аймакты милиция кызматкерлери курчоого алды.

    На улице Исанова в Бишкеке милиция выставила оцепление рядом с многоэтажным домом
    © Sputnik / Максат Элебесов
    На улице Исанова в Бишкеке милиция выставила оцепление рядом с многоэтажным домом
    © Sputnik / Максат Элебесов
    На улице Исанова в Бишкеке милиция выставила оцепление рядом с многоэтажным домом
    © Sputnik / Максат Элебесов
Тема:
Россиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу (8)

Тема боюнча

Карегин агыза сайган күйөөсүн кечирген аял. Июлдагы 8 криминалдык окуя
Белгилер:
жарылуу, сапер, милиция, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ