Бишкекте Mercedes менен Toyota сүзүшүп, эки наристе жабыркады. Видео

Жазылуу
Күбөлөр наристелердин бири айнектен ыргып кеткенин айтууда, бирок маалымат расмий тастыктала элек.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкекте Toyota Ist жана Mercedes-Benz W222 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан (ЖКККБ) билдиришти.

Кырсык 29-май күнү саат 16.00 чамасында Түштүк Магистрал жакта болгон.

Маалыматка караганда, чыгышты көздөй келе жаткан Мercedes Чапаев көчөсүнөн бурулуп жаткан Toyota унаасын сүзгөн.

Instagram колдонуучусу Болот Ибрагимовдун баракчасына кырсык болгон жерден тартылып алынган видео жана сүрөттөр жүктөлдү.

ЖКККБнын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, кырсыктан Toyota Ist унаасында бара жаткан беш жана төрт жаштагы наристелер жабыр тарткан. Күбөлөрдүн айтымында, унаалар кагышканда балдардын бири айнектен ыргып кеткен. Бирок маалымат расмий тастыктала элек. 

Эки машина тең айып короого киргизилди. Кырсык болгон учурда айдоочулар соо болгону айтылды.

Жабыркаган наристелер — эже-сиңди. Тез жардам клиникалык ооруканасынын жетекчиси Талантбек Өмүрбековдун айтымында, кыздардын бири жандандыруу бөлүмүндө, учурда абалы жакшырып бара жатат. Экөөнүн тең баш мээси чайкалып, дагы башка майда жаракаттарды алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0