БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинин имаратына жарылуучу зат коюлганы туурасында маалымат түшкөнүн УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Бомба тууралуу маалымат бүгүн, 26-апрелде, саат 13.37де түшкөн.
Аталган жайга УКМК менен ИИМдин кызматкерлери чыгып кетишкен. Окуу жайдын кызматкерлери жана студенттери эвакуацияланып, айланасы курчоого алынган.
Азыркы тапта имарат түнтүүгө алынды. Ошондой эле телефон чалган адамдын аты-жөнүн тактоо үчүн издөө иштери жүрүп жатат.