Өгөй апам сабады... Ооруканага түшкөн 8 жашар кыз боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Денеси көгала болуп, мээси чайкалган кыз Бишкектеги балдардын №3 клиникасына 10-мартта түшкөн

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Сабалып Бишкектеги балдардын №3 ооруканасына түшкөн 8 жашар кыз боюнча Аламүдүн РИИБи кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ишти буга чейин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы карап жаткан.

"12-мартта Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери кичинекей кыздын сабалышы боюнча Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (денеге атайылап залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгоду. Кыздын айтымында, ага өгөй энеси такай кол көтөрүп турган", — деп милициядан айтышты.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

Денеси көгала болуп, мээси чайкалган кыз Бишкектеги балдардын №3 клиникасына 10-мартта түшкөн. Бул факты боюнча дарыгерлер милицияга кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0