Казакстанда жол кырсыгынан кыргызстандык эки аял каза болду

© Sputnik / Анатолий УстиненкоСотрудники скорой медицинской помощи Казахстана
Сотрудники скорой медицинской помощи Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 26-февраль күнү таңкы саат 5.30да Таргап айылында болгон

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандыктарды алып бара жаткан жеңил унаа Алматы — Бишкек жолунда автобус менен сүзүшүп алды. Бул тууралуу миграция иштери менен алектенген "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 26-февраль күнү таңкы саат 5.30да Таргап айылында болгон.

"Toyota Estima унаасы айдоочу жана алты жүргүнчүсү менен Алматыдан Бишкек шаарына келе жаткан. Айдоочу рулду башкара албай калгандыктан, автобус менен кагышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө адамды сүзүп өлтүрүп алып качып кеткен айдоочу кармалды
Алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде Жалал-Абад облусунун 48 жана 47 жаштагы тургундары каза болду. Кыргызстандык айдоочу оор абалда Алматы облустук ооруканасына жеткирилди. Ошол эле ооруканада дагы бир жабырлануучу бар.

Алматы облустук Ички иштер департаменти 26-август күнү Алматы — Бишкек жолунун 102-чакырымында Toyota Estima унаасынын катышуусу менен жол кырсыгы болгонун тастыктады. Окуя болгон жерде эки адам каза таап, калгандары ар кандай жаракаттар менен жергиликтүү ооруканага жеткирилгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0