БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыкканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине Whatsapp каналы аркылуу билдирди.
© © видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Ал эми ӨКМ берген алдын ала маалыматка караганда, өрт Киев менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу турак үйдүн 2-кабатында чыккан.
"Саат 12.54тө аталган дарекке бир өрт өчүрүүчү унаа жөнөп кеткен. Ал эми саат 13.09да өрт чектөөгө алынган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттү өчүрүү иштери уланып жатат.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.