Каршы тилкеге чыга калган BMW бусту сүздү. Бир адам мүрт кетип, 13ү жаракат алды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя жекшемби күнү саат 19:00дө катталган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. BMW 5 үлгүсүндөгү автоунаа менен бус сүзүшүп, жол кырсыгынан жеңил автомашинанын айдоочусу каза болгондугун Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу күбө билдирди.

Кырсык тууралуу маалыматты Чүй ОИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы тастыктады.

"Окуя жекшемби күнү саат 19:00дө болгон. Анда BMW унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдун каршы тилкесине чыгып, жүргүнчү ташыган № 378 кичиавтобусту сүзгөн. Окуя болгон жерде жеңил автомашинанын айдоочусу көз жуумп, 13 жүргүнчү жаракат алган. Алардын арасында төрт жашы жете элек балдар болгон", — дешти башкармалыктан.

Кырсык боюнча учурда тиешелүү экспертиза дайындалды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0