18:55 19 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8489
  • EUR75.4648
  • RUB1.0967
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
98141

Шамбе-Сай кенин иштеткиси келген тараптар айылдагы ар бир түтүнгө 70 миң сомдон сунуштаган. Ага каршы чыккан калк митинг өткөргөн.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач айылында 300гө жакын адамдын катышуусунда митинг өткөндүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургун Санжарбек Эргешов билдирди.

Анын айтымында, калк Майдан айылындагы Шамбе-Сай алтын кенин иштетүүгө каршы чыккан. 

© Видео / Санжарбек Эргешев
Кадамжайда алтын кенин иштетүүгө каршы митингге 300гө жакын адам катышты

"Айылга бейтааныш адамдар келип ар бир түтүнгө 70 миң сомдон беребиз деп убадалашты. Алар Шамбе-Сай кенин иштетүүгө жергиликтүү тургундардын макулдугун алууну көздөп жатышат. Кенди иштетүүгө эл башынан эле каршы болчу", — деди Эргешов.

Ал кенди иштетүү үчүн колдонулган цианид суу, аба аркылуу элдин саламаттыгын талкалай турганын белгиледи.

"Бизде Исфайрам деген ири дарыя бар. Ал аркылуу Кадамжайдын 50 пайыз калкы суу ичет. Кызыл-кыялыктар дагы ошол сууну колдонот. Ага цианид төгүлсө эмне болот? Элге акча сунуштагандар кайсы компаниянын өкүлдөрү экендигин атабаганы менен кенди кытайлар иштете турганын айтышты", — деп кошумчалады тургун.

Ал эми айылдык кеңештин төрагасы Мырза Курмушев кендин айынан 2012-жылдан бери айылда тынчтык жок экенин айтты.

"Айылга келип тургундарга 70 миң сомдон сунуштаган адамдарды эл айылдан кубалап чыкты. Өтө чоң жаңжал болуп кетти. Негизи айылда 2012-жылдан бери тынчтык жок. Шамбе-Сай кенин буга чейин австралиялык компания иштетмей болгондо эл каршы чыгып, жолду жаап салган. Кийин кендин кытайлыктарга сатылып кеткени айтылды. Эми алар иштетүү аракетин баштаган окшойт", — деди Курмушев.

Ал ошондой эле эл менен биргеликте кенди иштетүүгө каршы экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Каракол шаарынын көчөлөрү оңдолбосо жаштар митингге чыгат
Салянованын тарапташтары УКМК имаратынын алдына митингге чыкты
Белгилер:
алтын, кен, Исфайрам дарыясы, Кадамжай

ЭҢ МААНИЛҮҮ