03:13 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
47600

Эркин Мамбеталиевдин автоунаасынан аңчылык мылтыгы менен травматикалык курал табылган. Жанында аларды алып жүрүүгө уруксат берген документ болгон эмес.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 16-февралга караган түнү президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев курал-жарак менен кармалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аны уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармаган.

"Мамбеталиев жана жакындары эки автоунаа — Suburban жана Lexus LS 570 менен кетип бараткан. Автоунаадан аңчылык мылтыгы менен травматикалык курал табылган. Аларды алып жүрүүгө уруксат берген документ болгон эмес. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгына алып келинип, сурактан кийин коё берилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча материалдар ИИМге берилди.

Тема боюнча

Бишкектеги кытай кафесине куралчан кол салуу. Окуянын чоо-жайы
Интернет клубдагы мастар жардамга чакырылган күзөтчүлөрдү сабап, куралын тартып алган
Белгилер:
Бишкек, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, курал-жарак

ЭҢ МААНИЛҮҮ