Белгилүү ырчы Кайрат Примбердиевдин үйүнө ууру кирди

© Фото / из архива Елены ВаенгиБелгилүү ырчы Кайрат Примбердиев концерт учурунда. Архив
Белгилүү ырчы Кайрат Примбердиев концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчынын билдирүүсүндө үйдөн жалпысынан 3 миң долларлык баалуу буюмдары жоголгон.
Кайрат Примбердиев: үч сааттын ичинде үйдү тоноп кетишиптир

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Белгилүү ырчы Кайрат Примбердиевдин үйү тонолду. Бул тууралуу ырчы өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында үйдөн жалпысынан 3 миң долларлык баалуу буюмдар жоголгон.

"Кечээ күнү саат 20:30дарда үйдөн чыгып, түнкү саат 12лерде келсек үйдү белгисиз бирөөлөр тоноп кетишиптир. Жалпысынан 3000 АКШ долларлык буюмдар жоголду. Фотоаппарат, акча, ноутбук, сааттарды алып кетиптир. Учурда милицияга арыз жаздык. Буга чейин кошунабыздын үйүнө да ууру кирген эле", — деди ырчы.

Белгилей кетсек, Кайрат Примбердиев учурда Россиянын биринчи каналы уюштурган "Голос" шоусунун чейрек финалына өткөн. Ал эми былтыр "Главная сцена" сынагында финалга чейин жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0