Бензин алдыдагы айларда дагы 6-10 пайызга кымбатташы күтүлүүдө

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРабота АЗС в Москве
Работа АЗС в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Июнь-июль айларында россиялык заводдордо бензиндин тоннасы 70 долларга, дизель майы 60 долларга кымбаттады.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү май дагы 6-10 пайызга кымбатташы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзунан билдиришти.

"Июнь-июль айларында россиялык заводдордо бензиндин тоннасы 70 долларга, дизель майыныкы 60 долларга кымбаттады. Бул күйүүчү майлардын бир литринин үстүнө 5,5 жана 4,2 сомдон кошулат дегенди түшүндүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, быйылкы жылдын январь-июль айларынын ортосунда бензиндин дүң баасы орто эсеп менен 25 сомго (чекене баасы 16,6 сомго), дизель майыныкы 18 сомго (чекене баасы 12,8 сомго) өскөн. Дүң баанын өсүшүнүн негизги себептери:

  • нефтинин кымбатташы;
  • нефтинин тартыштыгы;
  • күйүүчү майга суроо-талаптын күчөшү.

Кыргызстанда декабрдан бери  седандардын баасы кандай өзгөрдү 16.07 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Кыргызстанда унаалар 1 000 долларга кымбаттады. Автобазардагы баалар
Нефтетрейдерлер республикадагы оор социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен баа саясатын турукташтырууга аракет кылып жатканын айтууда. Ал үчүн май куюу жайларында баанын чукул көтөрүлүп кетиши ооздукталууда. Мындан улам компаниялардын кирешеси жыл башынан бери 1-2 гана пайыздан ашпай келгени кошумчаланды. Жогорудагы себептерди эске алуу менен июль жана август айларында күйүүчү май дагы 6-10 пайызга кымбатташы күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0