Садыр Жапаров Кытай элчиси менен чек арадан товар өткөрүү маселесин талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай элчиси Ду Дэвэнди менен президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров чек ара көйгөйү, кытай ишкерлеринин коопсуздугу жана эки тараптуу долбоорлор боюнча сүйлөштү.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алып, жолугушууда Кыргызстан үчүн орчундуу болуп турган чек арадан товар өткөрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, "Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары" ассоциациясынын президенти Дамира Дооталиева өткөн аптада өкмөттү Кытайдан товар ташуу боюнча көйгөйдү тез арада чечип берүүгө чакырган. Анын айтымында, буга чейин "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларынан суткасына 300дөй жүк ташуучу унаа өтчү. Учурда бештен ашпаган авто араң өтүп жатат, себеби түшүнүксүз. Мындан улам ишкерлер бир топ көйгөйлөргө кептелүүдө.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алып, жолугушууда Кыргызстан үчүн орчундуу болуп турган чек арадан товар өткөрүү маселеси талкууланды.
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алып, жолугушууда Кыргызстан үчүн орчундуу болуп турган чек арадан товар өткөрүү маселеси талкууланды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алып, жолугушууда Кыргызстан үчүн орчундуу болуп турган чек арадан товар өткөрүү маселеси талкууланды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭске салсак, "Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары" ассоциациясынын президенти Дамира Дооталиева өткөн аптада өкмөттү Кытайдан товар ташуу боюнча көйгөйдү тез арада чечип берүүгө чакырган.
Эске салсак, Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары ассоциациясынын президенти Дамира Дооталиева өткөн аптада өкмөттү Кытайдан товар ташуу боюнча көйгөйдү тез арада чечип берүүгө чакырган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эске салсак, "Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары" ассоциациясынын президенти Дамира Дооталиева өткөн аптада өкмөттү Кытайдан товар ташуу боюнча көйгөйдү тез арада чечип берүүгө чакырган.
1/2
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алып, жолугушууда Кыргызстан үчүн орчундуу болуп турган чек арадан товар өткөрүү маселеси талкууланды.
2/2
Эске салсак, "Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары" ассоциациясынын президенти Дамира Дооталиева өткөн аптада өкмөттү Кытайдан товар ташуу боюнча көйгөйдү тез арада чечип берүүгө чакырган.

Кытай элчисинин айтымында, "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларындагы көйгөйдү жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын өкүлдөрү 6-ноябрь күнү жолугушат.

"Торугарт" өткөрүү пунктунун иши сентябрь айынан тарта жаңыланышы Кытай элинин кыргыз элине ак тилектеринен кабар берет. Бирок пандемия шартында жаңыча жашоого үйрөнүү керек болуп жатат. Чек арадагы көйгөйлөргө бир гана техникалык мүчүлүштүктөр себепкер. Анткени карантиндик талаптар өтө катуу болуп жатат", — деди Ду Дэвэнь.

Ошондой эле элчи сүйлөшүүлөр учурунда Кыргызстанда ишкердүүлүк кылган кытай жарандарынын коопсуздугуна көңүл бурууну суранды.

Жапаров өз кезегинде Кытай тараптын коронавирус менен күрөшүүдөгү жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга оор күндөрдө биринчилерден болуп жардам көрсөттү. Бул коңшу мамлекеттердин чыныгы достугун даңазалап турат. Биз Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бардык макулдашууларды ишке ашырып, мындан ары дагы кызматташууга даярбыз", — деди Жапаров.

Сөзүнүн аягында тараптар эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу темасы боюнча сүйлөштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0