Боронов: июлда салык жыйымдары көбөйүп, бюджет тартыштыгы 2 млрд сомго кыскарды

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные монеты Кыргызстана
Национальные монеты Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, электрондук эсеп-фактуралар, товарларды онлайн иденттештирүү каражаттары менен маркалоо жана май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы 1-июлдан тартып ишке кирген.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. 2020-жылдын 1-июлунан тартып соода-сатык тармагына киргизилген санариптешүү салыктын жыйымдарын көбөйтүп, мамлекеттик бюджеттеги тартыштыкты кыскартты. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ар бир өкмөт мүчөсү өнүкпөй жаткан бизнеске куратор болуп, маселесин чечип берет

"Электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу станциялардагы автоматташтырылган система, электрондук товарды коштомо кагаздар,  кассалык көзөмөл машиналар иштей башташы казынага оң натыйжаларды бере баштады. Мисалы, Мамлекеттик салык кызматы июль айында 6 миллиард 859 миллион сом салык жыйнады. Бул биз пландагандан 10 пайызга көп", — деди Боронов.

Ошондой эле өкмөт башчынын айтымында, мунун аркасы менен мамлекеттик бюджеттеги тартыштык 2 миллиард сомго кыскарды.

Эске салсак, электрондук эсеп-фактуралар, товарларды онлайн иденттештирүү каражаттары менен маркалоо жана май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы 1-июлдан тартып ишке кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0