Кытай Өзбекстанга Ош аркылуу транспорттук коридор ачты

© AFP / ISABEL INFANTESЖүк ташуучу поезд. Архив
Жүк ташуучу поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу жол альтернативдүү "Хоргос" жана "Достык" (Казакстан) посттору аркылуу өткөн жолго караганда 295 чакырымга кыска. Мурдагы маршрутка салыштырмалуу беш күндү үнөмдөөгө болот.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кытай Өзбекстанга жаңы транспорттук коридорду Кыргызстан аркылуу ачты. Ал Казакстан аркылуу транзитсиз Европага кетчү жолдун биринчи бөлүгү болуп каларын Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлиги кабарлады.

5-июнь күнү 25 контейнер чиркелген алгачкы поезд Ганьсу (Кытай) провинциясынын "Ланьчжоу" темир жол станциясынан Ташкентти көздөй багыт алган. "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" багыты менен жүргөн бул поездге электротехникалык жабдуу жүктөлгөн.

Церемония запуска инспекторско-досмотрового комплекса на контрольно-пропускном пункте Торугарт в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
"Торугартты" ачуу боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүү башталды
Жол Кашкар (Синьцзян, Кытай), Эркеч-Там жана Ош аркылуу өтүп Ташкентке барат. Казакстан транзитке кошулбайт. Кашкар, Эркеч-Там жана Оштун ортосунда жүк автоунаа менен ташылат, башка бөлүктөрү темир жол аркылуу кетет.

Өзбекстандык ЖМКлардын жазганына караганда, поезд Ташкентке 2,6 миллион долларлык электротехникалык жабдуу алып барып, артка 525 тонна кездеме алып кетет. Анын баасы 1 миллион доллар деп бааланууда.

Макалада айтылгандай, Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу жол альтернативдүү "Хоргос" жана "Достык" (Казакстан) посттору аркылуу өткөн жолго караганда 295 чакырымга кыска. Мурдагы маршрутка салыштырмалуу беш күндү үнөмдөөгө болот.

Аталган коридордун биринчи бөлүгүндө товар Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Өзбекстанга жиберилери айтылат. Ал эми экинчи бөлүгүндө Түркмөнстан жана Каспий аркылуу Түркия менен Европа өлкөлөрүнө жөнөтүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0