Брифинг председатель Нацбанка Толкунбека Абдыгулова о ситуации на валютном рынке - Sputnik Кыргызстан

Улуттук банк жетекчисинин доллардын курсу боюнча жыйыны. Тексттик трансляция

Жазылуу
Кечээ кечинде Кыргызстанда доллар 12 сомго кымбаттап, 85 сомдон сатыла баштады. Бул марттан бери доллардын экинчи ирет жогорулашы.

19-мартта, эртең менен бир долларды сатып алуу 72,9 сом, ал эми сатуу 73 сом болуп жаткан. Кечке жуук курс кескин жогорулап, 85 сомго чыкты.

Брифингде Улуттук Банктын төрөгасы Толкунбек Абдыгулов валюта рыногундагы абал тууралуу айтып берет.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
11:07 20.03.2020

“Учурда түзүлгөн абалга карабай, насыя берүү жаатында эч кандай тоскоолдук болбойт. Анткени банктар өз ара атаандашып, кутулуу жөндөмү жакшы кардар тапканга аракет кылышат. Тетиринче насыя аландардын саны убактылуу азайышы мүмкүн. Жөнөкөй эле мисал, соода-сатык менен алектенгендер Кытайдан товар алуу үчүн чек ара маселеси жөнгө салынышын күтөт”, — деди Абдыгулов.

11:00 20.03.2020

Улуттук банктын маалыматтын караганда, 2019-жылдын аягында Кыргызстанда насыя алгандардын жалпы саны — 546 миң болгон. Алардын 541 миңи жеке тараптар, калганы юридикалык жактар. Алынган кредиттик суммасы — 146 миллиард 439 миллон сом.

10:52 20.03.2020

“Жарандар паникага алдырбашы керек. Анткени доллардын наркынын көтөрүлүшү психологиялык жагдайлардан улам болуп жатат. Азыр Улуттук банкта доллар дагы, сом дагы жетиштүү. Доллардын запасы бери дегенде беш айга жетет. Андыктан биз зарыл болгон учурда интервенция кылууга дайым даярбыз. Ишкерлердин, банктардын колунда дагы доллар көп. Анткени алар буга чейин биз чыгарган долларды сатып алды. Ал акчалар сыртка чыгып кеткен жок. Дегеним сырт менен соода мамилелери азыр салыштырмалуу токтоп турат”, — деди Абдыгулов.

10:42 20.03.2020

“2014-2015-жылдары Кыргызстанда кредиттик портфелдердин 55 пайызы доллар менен болчу. Азыр 35 гана пайыз. Бул абдан жакшы нерсе. Ошндуктан бул ирет доллардын көтөрүлүшү ишкерлерди мурункудай паникага түшүргөн жок”, — деген пикирин айтты Абдыгулов.

10:36 20.03.2020

“Кыргызстанда доллар бар, бирок банктар дүйнөлүк абалды карап турат. Анткени ар кайсы өлкөлөрдүн валюталары түшүп-көтөрүлүп жатат. Кечээки болгон көрүнүш кырдаалга жараша эле нерсе болду”, — деди Улуттук банктын төрагасы.

10:29 20.03.2020

“Коронавирустан жабыркаган ишкерлерге банктар жеңилдик берет. Алар кредитти убагында төлөй албаса дагы туум төлөнбөйт, отчеттуулук үчүн документтер талап кылынбайт жана “кредиттик тарыхы” бузулбайт”, — деди Абдыгулов.

10:28 20.03.2020

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, буга чейин Улуттук банк ишкерлерге бизнесин кайсы валютада жүргүзүп жатса, насыяны дагы ошол валютада алууну сунуштап келген. Бирок ишкерлердин көбү өзү каалаган валюта менен алып алышкан. Азыр дал ушул ишкерлер жабыр тартышы мүмкүн.

10:21 20.03.2020

“Мен кечээ коммерциялык банктардын жетекчилери менен сүйлөштүм. Алар дагы ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бирок бул жерде чындап коронавирустун айынан жабыр тарткан ишкерлерге гана жеңилдиктер каралат”, — деди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

10:19 20.03.2020

Кечээ Улуттук банк долларды 84,9 сомдон саткан. Жалпы жонунан башкы банка рынокко 3,7 миллион доллар алып чыккан.

10:17 20.03.2020
Сто долларовые купюры - Sputnik Кыргызстан
Доллардын баасы 85 сомго чыкты
10:17 20.03.2020

Кечээ кечинде доллар 85 сомго чейин чыккан. Анын артынан евро да көтөрүлүп, 102 сомдон сатылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0