Микрокредит берген компанияларга кимдер ээлик кылат. 94 ишкананын кожоюну

Жазылуу
Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны быйылкы жарым жылдыкта дээрлик 90 миңге өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2017-жылдын январь-июнь айларында 133 миң адам насыя алса, 2018-жылдын жарым жылдыгында бул көрсөткүч 220 миңден ашты.

Статистикага үңүлсөк, чакан насыя алгандардын басымдуу бөлүгү (50 392 киши — ред.) Ош облусунда жашайт. Экинчи орунда 37 007 адам менен Жалал-Абад облусу турат. Чүйдө болсо 29 231 жаран насыяга муктаж болгон. Кредитти эң аз алгандар Таласта, облус боюнча болгону 6991 адам.

Насыя алгандардын көпчүлүгү акчаны өнөр жай, айыл чарба жана ветеринардык чарбаны жакшыртуу максатында колдонорун көрсөтүшкөн.

Тамаш көтөрүп бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектептен мечит, бакчадан тойкана көп. Кафе-ресторандардан канча салык түшөт?
Анткен менен былтыр өлкө аймагында жакшылык-жамандыкка канча насыя алынарын БУУнун калкты жайгаштыруу фондусу эсептеп чыккан. Андагы маалыматка караганда, той үчүн насыя алгандардын көбү 20 жашка чейинки кыз-келиндер — бул курактагы адамдар алган ар бир жетинчи насыяны тойлорго жумшайт.

Орто эсеп менен Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын тургундары 30 миң сомдон 40 миң сомго чейин насыя алат. Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарында 40-50, Чүйдө 53 миң сомго кетет. Эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында, микрокредиттик компанияга жардам сурап кайрылгандар 75 миң сомдун тегерегинде акча сурашат.

Мындан улам Sputnik агенттиги Кыргызстанда чакан насыя берүү менен алектенген компанияларды тизмектеп, аларга кимдер ээлик кыларына кызыгып көрдү. Маалыматтар Улуттук банк жана Юстиция министрлигинин расмий сайттарынан алынды.

Офисное здание в районе Шимбаши в Токио - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ири ишканаларын ким тескейт? Таскагы катуу 8 жетекчи
Компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн арасынан Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Муратбек Мукашев, мурдагы өкмөт башчы Кубанычбек Жумалиев, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов, экс-премьер Жоомарт Оторбаевдун уул-кызы Курманбай Оторбаев, Сайна Оторбаева жана белгилүү ишкерлер Эмил Үмөталиев менен Бозулан Мамазаировду көрүүгө болот. Жетекчилердин тизмесинде мурдагы премьер-министр Феликс Куловдун жубайы Фатима Абдрасулова, парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Гулиза Жолдошбаева бар.

Улуттук бактын 2018-жылдын 1-октябрында берген маалыматына караганда, Кыргызстанда чакан насыя берген 94 ишкана катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0