Төө буурчактын баасы көтөрүлөбү? Таластык дыйкандардын арыз-муңу

© Sputnik / Табылды КадырбековВыращивание фасоля в Кыргызстане
Выращивание фасоля в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев учурда Таласта төө буурчактын баасы 30-35 сомдон жогору сатылбай жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтып, айыл чарба министрлиги продукцияларды экспорттоо үчүн дыйкандарга эмнеге жардам бербей жатканына кызыккан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги быйыл төө буурчактын түшүмү кандай болгонун сураштырганча, баанын төмөн болуп жаткан себебин билип көрдү.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын тургуну Бактияр Нуржанов үч гектар жерге төө буурчак айдаган. Ал аталган айыл чарба продукциясы быйыл аябай эле арзан болуп дыйкандардын мээнети акталбай жатканын айтты.

"Мисалы, бир гектар жерге төө буурчак өстүрүү үчүн сугатын, кара жумушту эсептебегенде 40 миң сомдой кетет. Бирок азыр төө буурчактын бир килограммы 35-37 эле сом болуп, өзүн актабай жатат. Былтыр баа жакшы болгонунан дыйкандар көп айдап алган. Алардын ичинде насыя алгандары бар. Айрымдары кышында өткөрөбүз деп сактап койсо, карыз алгандарга кыйла кыйын болууда. Мурда түрктөр келип кымбат алып кетчү эле, азыр бүт эле ортомчулар жүрөт", — деди ал.

Нуржановго окшоп төө буурчакты гектарлап айдап алып, бирок өзүн актагыдай баага сата албай жүргөн дыйкандар көп эле экен.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Бүткүл соода уюму маселелери жана ЕАЭБ өлкөлөрү боюнча иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Анаркүл Беккулиева Кыргызстандын төө буурчагы 20дан ашык өлкөгө экспорттолоорун айтып, быйыл да инвесторлор келип жатканын кошумчалады.

Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл дыйкандар эмнелерди отургузса утулбайт? Айыл чарба министрлигинин сунушу
"Учурда тазаланбаган төө буурчак 45, тазаланганы 50 сомдон бааланууда. Негизи өлкө боюнча жылына 100 миң тоннага жакын төө буурчак жыйналат. Жыйым-терим дагы эле бүтө электигине байланыштуу толук көрсөткүч алынып бүтө элек. Ал эми түрктөрдүн көп келбей жаткандыгынын себеби Кыргызстандан Түркияга төө буурчак экспорттоодо бажы төлөмү кымбат болууда. Ошондуктан былтыр өндүрүлгөн төө буурчактын 40 пайызы Россияга кеткен. Калганы Казакстан, Болгария, Иран болуп жалпы 26 мамлекетке экспорттолгон. Быйыл да инвесторлор акырындан келе баштады. Төө буурчактын баасы дүйнөлүк рынок менен тыгыз байланышта болгондуктан анын кымбат же арзан болушу бизден көз каранды эмес. Ортомчулар да талаадан эле дүңүнөн арзан алышып, кайра үстүнө кошуп кымбат сатууда, дыйкандар ошол себептен уттуруп жатат окшойт", — деди Беккулиева.

Ал эми монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Талас облусундагы жетекчиси Нуржан Аманкулов быйыл төө буурчактын баасы туруктуу экенин айтты.

"Өкмөттүн токтомуна ылайык, төө буурчактын бизде лопатка сорту жазылган. Былтыркы жылдын сентябрь айында анын тазаланбаганы 50-53 сом, тазасы 54-55 сомго чейин жеткен. Ал эми быйыл 28-сентябрга эле жүргүзгөн мониторингге ылайык, тазалана элек сортунун бир килограммы 50-52 сом, тазасы 53-55 сомдон сатылууда. Августта инвесторлордун келе электигине байланыштуу төө буурчак 35 сомго чейин сатылып жаткан. Азыр жергиликтүү ишкерлер инвесторлор келип баа да жогорулай баштады. Мониторингди ачып карасак, 6-сентябрда төө буурчак 40-43 сомдон сатылып жатса, 17-сентябрда 47 сом, 27-сентябрдан кийин 50 сомго чейин жеткен. Белгилей кетсек, төө буурчактын томат сорту бар. Аны жылда дыйкандар көп айдайт. Ошолор азыр 35-40 сомдон бааланууда. Ал көбүнчө Грузия мамлекетине экспорттолот", — деди Аманкулов.

Буурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Россиядагы эң өтүмдүү азыгы белгилүү болду
Эске салсак, былтыркы жылы Талас облусунда төө буурчактын баасы 70-75 сомго чейин жеткен. Агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Нургазы Ибрагим уулу 52 840 гектарга жерге төө буурчак айдалып, 90 миң тоннадай түшүм жыйналып, анын 32 миң тоннасы 21 өлкөгө экспорттолгонун билдирген эле. 

Ал эми мурдагы жылдары, 2015-жылы төө буурчактын баасы 25-30 сомго түшүп кетип дыйкандарды бушайманга салган.

Адистер төө буурчактын баасы дүйнөлүк рынок менен тыгыз байланышта экенин айтып, нарк бир жылы жакшы болсо, экинчи жылы төмөндөп өзгөрүп тураарын баса белгилешти.

Төө буурчактын наркынын өзгөрүү тенденциясы (Айыл чарба министрлигинин жана монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча):

— 2010-жылы 18-22 сом;
— 2011-жылы 28-30;
— 2012-жылы 30-35;
— 2013-жылы 74-100;
— 2014-жылы 60-65;
— 2015-жылы 28-35;
— 2016-жылы 57-58;
— 2017-жылы 70-80;
— 2018-жылы 50-53;

Белгилей кетсек, жазында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары "быйыл дыйкандар эмнелерди отургузса утулбайт?" деген материал жасаган. Анда айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин жетекчиси Дмитрий Тен Таластын эли быйыл төө буурчак жана пияз өстүрсө уттурбайт деп айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0