Салык кызматы беш айда канча акча чогултканын билдирди

Жазылуу
Быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миллиард 28,1 миллион сомго көп салык жыйналган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жыл башынан бери мамлекеттин казынасына 30,8 миллиард сомдон ашуун салык төлөмү түшкөндүгүн Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматта быйыл 2017-жылдын май айына салыштырмалуу 3 миллиард 28,1 миллион сом көп топтолгону айтылат. Бул былтыркыга салыштырмалуу 10,9 пайызга жогору дегенди билдирет.

"Алдын ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы  30 миллиард 819 миллион сом өлчөмүндөгү салык жана төлөмдөрдү чогултту. Коюлган план 101,6 пайызга аткарылды. Тактап айтканда 474,5 миллион сом ашыгы менен жыйналды", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин 2017-жылдын жылдын январь, февраль, март жана апрель айында 24,5 миллиард сом салык жыйналганы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0