БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жыл башынан бери өлкө казынасына 24,5 миллиард сом салык жана төлөмдөр чогулганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 24 миллиард 550,8 миллион сом өлчөмүндө салык жана төлөм жыйналды. Муну менен коюлган план 101,7 пайызга аткарылып, тагыраак айтканда, 406,3 миллион сомго ашык акча түштү.
Ошондой эле бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард 211,5 миллионн сомго же 9,9 пайызга жогорулаганы айтылат.