Кыргызстандын тышкы карызы бир жылда дагы 337 млн. долларга өстү. Инфографика

© AFP / JUNG YEON-JE АКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы өкмөт чет өлкөдөн 22,2 миллиард сом насыя алган. Sputnik Кыргызстан агенттиги ал каражатты өкмөт эмнеге жумшаганын тактап көрдү

Өткөн жылы кыргыз бийлиги сырттан 27 миллиард 889 миллион сомдон ашык акча алган. Анын 22,2 миллиарды насыя болсо, калганы грант иретинде келген. Жыйынтыгында өлкөнүн тышкы карызы 2016-жылга салыштырмалуу 337 миллион 840 миң долларга өсүп, 4 миллиард 80 миллион доллардан ашты.

Эң көп акчаны — 17 миллиард сомго жакын каражатты Кытай берген.

Чет мамлекеттен келген каражаттын басымдуу бөлүгү транспорт, энергетика тармагына жумшалган. Ал эми 2016-жылы Кыргызстан башка өлкөлөрдөн 24 миллиард сомдон ашык акча алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0