ТЭЦти жаңылаган кытайлык TBEA ишканасы тууралуу 7 факты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевTBEA ишканасынын кызматкерлери ТЭЦтин ачылыш аземинде. Архив
TBEA ишканасынын кызматкерлери ТЭЦтин ачылыш аземинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
TBEA ишканасынын жылуулук электр борборлорун курууда кандай тажрыйбага ээ экенин жана Бишкектин Жылуулук электр борборун жаңылоодо эмнеге дал ушул компания тандып алынганын Sputnik Кыргызстан териштирип көрдү.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкектин жаңыланган жылуулук электр борбору (ТЭЦ) быйылкы кышта алгач сыналмак. Бул тармактын реконструкциялык иштери 2014-жылы башталып, былтыр соңуна чыккан. Жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыя жумшалган. Бишкектеги катуу суук күндөрү, тагыраагы, 26-январдан бери ТЭЦтеги жылытуучу мештер эки ирет иштен чыгып, калаа тургундарынын батирлериндеги жылуулук кескин төмөндөп кеткен.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков ТЭЦ жетекчисин жумуштан алууну тапшырды
Социалдык медиа мындай кырсыкка аталган тутумду жаңылаган кытайлык TBEA ишканасын айыптоодо. Улуттук энергохолдингдин башчысы көйгөйлөр ТЭЦтин эски бөлүктөрүндө жаралганын түшүндүрдү.

Sputnik Кыргызстан редакциясы ТЭЦти жаңылаган кытайлык компания тууралуу 7 фактыны тизмектеди.

1. TBEA (Tebian Electric Apparatus Stock Co., Ltd) энергетикадагы долбоорлорго адистешет. Көбүнесе электр берүү линияларын курууда, анын ичинде Тажикстанда белгилүү. Аталган кытай ишканасы 70 өлкөдө иш алпарган, иштеп да келе жатат. Анын кызматкерлеринин саны 20 миңге чукулдап барат.

2. Бишкек ТЭЦине эки жылытуучу агрегат койгон, алар станциянын кубаттуулугун 300 мегаваттка жогорулаткан. Кытайлык жумушчулар эки жыл ТЭЦ тутумун тейлемекчи.

3. Башында TBEA ишканасынын ТЭЦ курулушу жана жаңылоо боюнча тажрыйбасы жок экендигин серепчилер айтып чыгышкан. Бирок ишкананын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, TBEA биздинТЭЦтен сырткары кеминде мындай үч долбоорду ишке ашырган. Алардын экөө – Кытайда.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева: эмнеге ТЭЦтин системасын кытайлыктар башкарып жатат?
4. Бул өңдүү долбоор 2016-жылдын аягында Тажикстандын борборунда ишке киргизилген. "Душанбе-2" ТЭЦинин кубаттуулугу 100 МВтты түзгөн, жаңылоодон кийин 400 мегаваттка жеткиришкен. Долбоорго баш-аягы 350 миллион доллар жумшалган.

5. Бишкек ТЭЦи кытай ишканасынын Кыргызстандагы алгачкы долбоору эмес. 2013-жылы өлкөнүн түштүгүндө "Датка" подстанциясынын курулушу да камтылган электр берүү тутуму жаңыланган. Эки жылдан кийин ТВЕА "Датка"— Кемин" электр берүү линиясын куруп, "Датка" подстанциясын жаңылап берген. 208 жана 389 миллион доллар сарпталган бул эки долбоор тең Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын насыясынын эсебинен ишке ашырылган. Алар өлкөгө энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздап берген.

6. Адеп Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоого эки ишкана кызыкдар эле: өз ишин 386 миллион долларга баалаган TBEA компаниясынан тышкары, жаңылоо ишине 356 миллион доллар кетерин болжогон дагы бир кытайлык – СМЕС ишканасы болгон. Бирок кытай тарап Кыргызстан TBEA компаниясын тандашын талап кылган. Ал шартка көнбөсөк, долбоорду ишке ашырууга насыя бөлүп бермек эмес.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук энергохолдинг: коркпогула, коңшулардан электр энергия сурабайбыз!
7. 2015-жылга карата ТЭЦти жаңылоо долбоорун Эсеп палатасы текшерип, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) толук иштелип чыкпаганы белгиленген. TBEA ишканасы КРдеги КЭР элчилигинин алдындагы соода-экономикалык кеңешчисинин канцеляриясы тарабынан сунушталган.

Чыгымдардын эсеби: (доллар менен):

Жабдыктар жана материалдардын баасы — 164,6 миллион;

Курулуш иштери — 66,7 миллион;

Монтаж жана аракетке келтирүү-жөндөө иштери — 64,2 миллион;

Административдик чыгымдар — 19,2 миллион;

Көзөмөл — 7,4 миллион;

Жумушчуларды жана механизмдерди ташуу — 12,4 миллион;

Тутумдардын аракетке келтирүү-жөндөө чыгымдары — 8,1 миллион;

Демонтаж иштери — 18,3 миллион;

Жабдыктын кала турган бөлүгүнүн коопсуз иштөөсүн камсыздоого чыгымдар — 9,1 миллион.

Жалпы чыгым – 386 миллион доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0