Геологдор "Кумтөргө" 16 миң гектар жер берүүнү сунушташты

Жазылуу
Кыргызстандагы ири кен бир нече жылдан кийин жабылат. Мындан улам Геологдор менен тоо кен өнөр жайчылардын ассоциациясы объектинин өмүрүн узартуу боюнча чараларды сунуштоодо

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Геологдор менен тоо кен өнөр жайчылар ассоциациясы "Кумтөр" кенинин ишмердүүлүгүн узартуу зарылдыгы айтылган билдирүү таратты.

Анда 25 жыл ичинде кен 3 миңге чукул кыргызстандык адистерди даярдаганы айтылат. Бирок алты жылдан кийин кен жабылып, алардын баары жумушсуз калары белгиленген. Мындан тышкары, геологдор өлкө бюджети жыл сайын түшчү 9 миллиард сом тикелей салыктан куру каларын, ал эми кыйыр таасири андан кыйла чоң болоруна токтолушкан. "Кумтөр" өлкө ИДПсынын 7 пайызын түзөт.

"Мындан улам өкмөт тез арада геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жаңы аянтчаларды бериши керек. Бул үчүн мурда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов тарабынан жокко чыгарылган 16 гектар жерди калыбына келтирип берүү кажет", — деп айтылат катта.

Ассоциация аталган жер аянты алынгандан кийин пландалган инвестициялар токтотулуп, кендин ишмердүүлүгү солгундаганын белгиледи.

Кайрылууда мында бардык экологиялык нормаларды так сактоо керектиги айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0