БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл" аттуу тасмасы Шанхайда өтө турчу абройлуу эл аралык кинофестивалга катышат. Бул туурасында Кинематографисттер союзунун катчысы, фильмдин со-продюсери Талант Төлөбеков билдирди.
Аталган кино Shanghai International Film Festival 2020 (SIFF) деп аталган Кытайдагы ири кинофестивалга чакыруу алган. Ал 23 жылдан бери өткөрүлүп келет, А категориясындагы дүйнөдөгү 15 кинофестивалдын катарында турат.
"Бул абдан чоң ийгилик, кыргыз режиссёрлорунун тасмалары А категориясындагы кинофестивалдарга акыркы ирет 2018-жылы катышкан. Ошондой эле Кыргызстандын фильмдери Шанхай фестивалы түзүлгөндөн бери биринчи ирет катышып жатат", — деди Төлөбеков.
"Көл" драмалык жанрда Ысык-Көлдөн тартылган. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.
1,5 млн. долларга мыкты тасма тартышты. Токаев кыргыз киносуна суктанды
Кинонун сценарийин Эрке Жумакматова менен КРдин эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев жазган. Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган.
Продюсерлери Эрке Жумакматова, Садык Шер-Нияз. Со-продюсерлер Талант Төлөбеков менен Айжан Чыныбаева.