Калемиң курчпу? Тил комиссиясы мыкты чыгармаларга сынак жарыялады

Жазылуу
Жеңүүчү чыгармалар китеп бетинде жарык көрөт.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мамлекеттик тил комиссиясы көркөм адабий чыгармалар, котормолор, усулдук колдонмолор жана сөздүктөр үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Награждение победителей конкурса на лучшее новогоднее оформление в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мэр Суракматов Жаңы жылга мыкты даярдангандарды сыйлады
Сынак "2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасын" ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат. Калыстар тобу тарабынан мыкты деп аталган чыгармалар "Азыркы адабият", "Дүбүрт", "Дүйнѳлүк адабият", "Дүйнѳ" китептеринде басылып чыкмакчы.

Катышууну каалагандардын материалдары 2019-жылдын 17-январынан 17-мартына чейин mamtil-synak@mail.ru электрондук дареги аркылуу кабыл алынат.

Сынак тууралуу толук маалыматты Улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтынан же 0312 315773, 0551 996517 номерлери аркылуу алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0