04:34 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Фестиваль Чункурчак көч — 2017 в ущелье Чункурчак

Элден чыгып каласың... Кыргыз сөзсүз өткөрө турган тойлор

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
732 0 0

Күз келери менен кыргыздар дем алыш күндөрү үй бетин көрбөй калат. Достун уулу үйлөнүп, агаңдын кудасы келип, кошунаң тушоо кесип... Айтор, шаан-шөкөт бүтпөйт. Дайым эле ушинтип кыргыз жеринен жакшылык кетпесин дегенден башка эч нерсе айта албайсың.

Мындан улам кыргыздар кайсы жакшылыгын шаңдуу белгилеген жана белгилеп келет, тагыраагы, сөзсүз бериле турган тойлорду Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеп көрдү.

Тойлордун маани-маңызы тууралуу тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Амантур Жапаров айтып берди.

Жентек жана бешик той

Албетте, адамдын башына баш кошулушу чоң кубаныч. Ошондуктан балалуу болгон үй-бүлө тууган-урукка сүйүнчү айтат. Ал күндөн тарта үй ээсинин чакырышын күтпөй эле айыл-ападагылар бала көрүп келе баштайт. Келгендер баланы көрүү үчүн көрүндүк берип, майга көөлөнгөн талкандан ооз тийишет. Андан кийин атайын мал союлуп, конок чакырылып, бешик той берилет. Той күнү баланы бешикке очор-бачар, бала-чакалуу аял бөлөйт. Бул тойго үй ээси тууган-урук, куда-сөөк, кошуна-колоң, досторду чакырат. Азыр деле жентек жана бешик тойлорду өткөрүү шарты көп өзгөргөн жок.

Тушоо кесүү

Тушоо кесүү — баланы батыраак бассын, жашоосунда мүдүрүлбөсүн деген тилек менен ата-энеси тарабынан жасалган ырым. Мурда ата-эне айылдагы элди бала-бакырасы менен чакырып, той өткөргөн. Анда там-туң баскан баланынын тушоосун тестиер балдардын жарышынан озун чыкканы кесип, той ээсинен белек алчу. Азыркы тушоо тойлордо балдар гана эмес, тойго келген коноктор бир нече топко бөлүнүп (эркектер, аялдар) жарышка түшөт. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет.

Сүннөт той

Баланы отургузууда өткөрүлүүчү иш-чара. Мурда ал түштүк аймактагы райондордо бир нече күнгө созулуп, чоң шаан-шөкөт менен коштолчу. Анда баланын тай жагы алып келген мал союлуп, улуттук оюндар боюнча мелдештер өктөрүлгөн. Түндүктө бир аз жөнөкөйүрөөк, жакын туугандар чакырылып, ал күнү сүннөткө отургузулган баланын колуна жото жилик жана көөкөрдүн формасында бышырылган май токочту карматышат. Учурда бул той Кыргызстандын кайсы жеринде болбосун кадыресе тойлордон айырмаланбайт.

Кыз узаттуу

Мурда кыргыздар кыз узатуу салтанатын катуу майрамдашкан. Колунда барлар, бай-манаптар кудасын бир нече күн коноктоп, чоң той берилген. Кийин совет доорунда жана андан кийинки кыздар турмушка "тынчыраак" узап калышкан. Бирок кыз узатуу жөрөлгөсү акыркы жылдары кайрадан күч алып, кыз берген тарап дагы конок күтүп, үлпөт той бергендей эле чыгымга учурап жатат.

Келин алуу, нике той

Үйлөнүү тою жалпысынан бир нече этапка бөлүнөт. Алар: кудалашуу, кызды алып кетүү, нике кыюу, өкүл ата, өкүл апа шайлоо, отко киргизүү. Мунун арасынан эң шаңдуу жана көп кишинин коштоосу менен нике кыюу салтанаты өткөрүлөт. Мал союлуп, алыстан туугандар, куда-сөөк, жоро-жолдоштор чакырылат. Бүгүнкү күндө дагы эң ири, шаңдуу тойлордун алдында дал ушул иш-чара турат. Түштүк региондордо кафе-ресторандарда берилген тойго 500 киши чакырсаң эч кимди таң кылтара албайсың. Бардар жашагандардын жакшылыгына 700-800 конок катышат. Түндүк тарапта үйлөнүү тойго кеминде 200 киши келет.

Куда тосуу

Кудага эшик-төрдү көрсөтүү, мамилелерди чындоо максатында берилген бул той мурда деле бир нече күнгө созулган учурлар болчу. Бирок азыркыдан айырмаланып, кудалар барган үйүндө эле баштан-аяк мейман болушчу. Азыр куданы "түштөнтүү" деген жаңы жөрөлгө бар. Анда келген конокту үй ээсинин туугандары, достору, классташтары, кошуналары өз үйүнө чакырып тамак берип жүрүшөт.

Тема боюнча

Тескери койбойт, бир колдоп сындырбайт. Нанга байланыштуу 6 "болбойт"
Ала жип, тызылдаган балдар. Тушоосу кесилбеген бала эмне болот?
Белгилер:
той, каада-салт, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ