13:59 20 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7300
  • EUR78.0941
  • RUB1.0899
Каынбек Иманалиевдин Сагынбай чыгармасы. Архив

Манасчы Сагынбай Орозбаков жөнүндө кызыктуу 15 факты. Көөдөнгө баткан 180 миң сап

© Sputnik / Азамат Тотубаев
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Нургүл Максутова
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (290)
490180

Кыргыздын рухунун туу чокусу "Манас" эпосунун миң сандаган саптарын көкүрөккө кыт куйгандай сактап, биздин күнгө жеткирген улуулардын, залкарлардын бири — Сагынбай Орозбаков

Бул адам аты-заты улук эпосту канчалаган оор мезгилдерде — үркүн жылдары, жокчулук, ыза, ачарчылык күндөрү да жүрөктүн толтосуна, көөдөндүн аялуу жерине сактап келип, бизге жеткирди.

Sputnik Кыргызстан Сагынбай Орозбаков тууралуу 15 фактыны окурмандарга сунуштайт.

Кабыргада туулган. Сагынбай Орозбак уулу 1868-жылы Ысык-Көлдүн күңгөй тарабындагы Кабырга деген жерде жарык дүйнөгө келип, бирок Кочкордо жашап өткөн. Манасчы тууралуу фольклор жыйноочу Ыбырай Абдрахманов анын теги тууралуу жазып калтырган.

"Улуу манасчы Сагынбай Орозбаков саяк уруусунан, кожо эли, мойнок тукумунан болуп, түпкү аталары Жумгалды жердеген. Сагымбай Мойноктун Манас уулу деген тукумунан болот. Анын бешинчи атасы Манас деген киши болгон, Жумгалда азыр да Манас уулу деп аталган бир уруу эл бар", — деп айтылат анда.

Башка өнөрдүн да ээси болгон. Орозбаков "Манас" айтуу менен чектелген эмес. Көркөм чыгармаларды, кошок түрүндөгү жана ырларды, тамсилдерди жараткан. Элдик ырларды өтө көп билген.

180 миң 378 саптагы керемет аалам. Орозбаковдон жазып алынган "Манас" 180 миң 378 сапты түзөт. "Манас" эпопеясында 40 чородон тарта эсептегенде, бери дегенде эле 600дөн ашуун каарман катышат. Эң көп образ Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылат. Албетте, башкы каармандар Манас, Бакай, Чыйырды, Каныкей, Алмамбет, Жакып, Кошой, Семетей, Айчүрөк, Күлчоро, терс каармандардан Коңурбай, Нескара, Канчоро, Жолой ушинтип кете берет. Бул ваританттагы эле тулпарлардын саны 129га чукул.

Манасчылык өнөрдүн башталышы. Аян. Манасчы турмуштун шарты менен көлдөн келип, Кочкордо жашап калган. Анын манасчылык өнөрү ушул аймактан билине баштайт. Бир жолу Сагынбай чечек менен ооруп, жөөлүйт. Уйку-соонун арасында сырттан көп жылкынын дүбүртү угулат. Караса, кадимки Манастын колу. Агасы Алишер экөөнүн дене бою дүркүрөйт. Анан экөөнүн тең оозунан сөз төгүлүп, "Манас" айтып башташат…

Үркүндү көргөн. 1916-жылы Үркүндө эл менен кошо Кытай жерине барып, туулган жерге 1917-жылы кайтат. Кытайда азапты, жокчулукту көп көрүшөт. Эки жылдан ашуун Ат-Башыда туруп калышат. Улуу агасы Алишер 55 жаш курагында ошол жылы көз жумат. Ат-Башыдан көчүп келип, Нарындын Бети-Кара деген жерин пааналайт да, дагы эки жылдан соң Кочкорго келет.

Сагынбайдын тукумдары жана билими. Манасчы Сагынбайдын эки уулу төрт кызы болгон. Эркек балдары – Аманкул менен Жаманкул. Кыздары – Токтобүбү, Бурулбүбү, Назырбүбү жана Бүбүйра. Манасчы 9-10 жашында айылда бала окуткан молдодон билим алган. Агасы каза болуп калганда, илгерки салт менен жеңесине үйлөнгөн. Сабатын жоюп, окуганды өздөштүргөнү менен жаза албаптыр.

Тыныбек манасчыдан тарбия алган. Орозбаков Чүй бооруна келип, "Манас" айтып элге таанылып калат. Ага ошол арадагы аксакалдардын бири атактуу манасчы Тыныбекке барып, өнөрүңдү арттыр деген тейде кеңеш беришет. Сагынбай Тыныбек манасчынын үйүндө 3 айга чукул жүрөт. Отунун жарып, суусун алып, оокатын кылат. Аны менен кошо келген үч бала чыдабай кетип калат. Үч айдан кийин гана Тыныбек манасчы Сагынбайга казан азып, эт салып коноктоп, "Манас" айттырат. Бул мезгилде анын эркин, чыдамкайлыгын сынаганын айтат. "Сени эми жанымдан чыкпайсың" дейт да бир нече жыл өзү менен кошо алып жүрөт. Аны таптап, тарбиялайт. Тыныбек Сагынбайды "эл, жер кыдырып айт" деп узатат.

Мифтаков бир жыл издеген… 1921-жылы фольклор жыйноочу Каюм Мифтаков Сагынбайга жолугуп калып, жаңы дүйнө тапкандай болот. Эпостон үзүндү угуп, аны кагазга түшүрүү сунушун айтат. Маалыматтарда бул тууралуу тапшырманы Ишеналы Арабаев бергени да айтылып жүрөт. Ойлонуп туруп макул болгон манасчы ал жерде убактылуу жүргөнүн айтып, экөө жайында жолугууну макулдашат. Бирок ал эл аралап "Манас" айтып кете бергендиктен, Мифтаков жанындагы Сапарбай Сооронбаев менен артынан көп издөөгө туура келет. Ал арада аталган аймакты аралап, Тоголок Молдодон "Семетейди", Ак-Талаадагы Молдобасан Мусулманкуловдон "Курманбек" жана башка бир топ материалдарды жаздырууга үлгүрүшөт. Акыры Бети-Карадагы манасчынын үйүнө келип сураштырып, Көк-Торпок жайлоосунда элга манас айтып берип жаткан жеринен табышат. Мифтаковдун эскерүүсүндө ошол ирмемде Сагынбай Манастын Аккуласын сүрөттөп жаткан болот.

Өзүн билбей калганга чейин айтат экен… "Бир ордунда тура албайт. Айткан сайын ат теминип аткансып алдыга чыгат. Төрдөн босогого кантип жетип келгенин билбей калат экен. Аны кайра эки каруусунан алып барышып, төргө отургузушту. Сөзү денесине батпай айтат экен. Сан миң жоокерди жоого баштап бара жаткандай айбаттуу…" деп жазган фольклор жыйноочу.

Берки экөө эртеси эстерине келип, койнунан дептерин, калем сабын алып чыгышып Орозбаковдун оозундагы сөзүн бир жумалап ээрчип, кагазга түшүрүп баштайт. Океан манасчынын көкүрөгүндө жашап, сакталып келген саптар ошентип, түбөлүктүүлүккө кадам таштаптыр… Ошондо Орозбаков кыргыз элине баа жеткис кандай асыл дүйнө калтырып жаткандыгын сезди болду бекен?..

Сагынбай манасчы менен Ыбырай Абдрахмановдун машакаты жана көйгөйү. 1923-жылы Нарында кеңештердин курултайында Сагынбай Орозбаковдон "Манас" бүт жаздырып алынсын деген чечим кабыл алынат. Эми бул ары жооптуу, ары татаал иш Ыбырай Абдрахмановго тапшырылат. Фольклор жыйноочу ал учурду төмөнкүчө жазып калтырыптыр.

Кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гапар Айтиев (оңдо). Архив
© Фото / мемориальный музей-мастерская Гапара Айтиева
"Манасты" жазууга мени бекитип, мугалимдиктен бошотот. Сагынбай экөөбүз Абдылданыкына (черик элинин манабы – ред.) келип, 23-март айында "Манасты" кайтадан жаздык. Мага "Сагынбай айтып берген сөздөрдүн бирөөсүн да бурбастан жазасың деп бекем айтып тапшырышты" деп жазган экен.

Ал эми черик уруусунун манабы Абдылда Жаанбаевди жер которуу өкүмүнөн бошотуп, манасты жазууга көмөктөшүү үчүн элинде калтырышкан экен. Бирок жазуу иштери оңойго турган эмес. Алгач берилген жардам, көтөрүлгөн демилге кийин солгундап кеткен. Бул туурасында манасчы

Караганын Өкмөт,
Кагаз берген киши жок.
Калем, сыя дегенден,
Кабар алган киши жок.
Өткөндөрдүн тарыхы,
Өлтүрөт деп ойлоймун,
Экөөбүздү калыбы,
 — деп жамактаган экен.

Далай машакат менен эпосту Сагынбайдын оозунан 1926-жылы жазып бүтүшөт.

Сагынбай Орозбаков кандай киши болгон? Сагынбай жарыктык киши үнү эле эмес, өңү да башкача жаралган инсан эле. Жазы маңдай, баатыр баштуу, жалын көз, бетинен ырыс таамп, ооз ачып "Манас" айтканда тээ алыстан көрүнгөн, кең далылуу, колдору шадылуу, эл арасында отурса, алыстан бапайып, таанылып турган, жайкалган кара сакал, кичи пейил, отуруп-турганы салабаттуу, түшүнө билген кишиге чексиз адамгерчиликтүү адам болгон дешет билгендер.

Ак молдонун оозунан кеби түшкөндө. Сагынбайды бир канча жыл ээрчип жүрүп, 400 басма табак эпосту жаздырган Ыбырай Абдрахмановду Ак молдо деп аташчу экен. Экөөнүн машакаттуу ишин көргөндөр кээде эт асып, конокко чакырышат.

Бир ирет Ак молдо:

— Ыя, Саке, "Манастын" канчасын жаздык? — деп сурайт

Чыктуу жасалган бешбармактан жеп отурган Сагынбай аны бир олурая карап алып, оозун бир аарчып, чаранын белинен ылдын түшкөн туураган этти көрсөтүп:

— Момундан бир алчы, — дейт.

Ыбырай оң колуна толтура алат. Анда манасчы:

— Алдыңдагы эт канча калса, жазылбаган "Манас" эми да ушунча бар, — деп чарадагы этти көрсөтөт.

Ак молдонун оозунан кеби качат…

"Манасты" толук эч ким айтып бүтпөгөн сыңары, "Манасты" эч ким толук жазып бүтпөгөн чыгар…

Демек, анда бул жомоктун үчтөн биринин нак көлөмү 350 басма табакты түзсө, кеминде дагы 600 басма табак, же 15-20 китеп манасчынын өзү менен кошо кете берген экен да деп жазылган "Сагынбай" (Кеменгер жөнүндө ода) деп аталган китепте.

Залкардын залкарга берген баасы. Бири багжагай кара сакал, кызыл жүздүү, көздөрү жайнаган, колдору шадылуу, кең далылуу Сагынбай. Экинчиси — томолок жүз, чымыр дене, чарчы бойлуу, өткүр көздүү Саякбай. Эки алп, эки дөө, эки мыкты. Бири "Манас" айтса, үргөн иттер, кишенеген жылкылар басылат. Бири "Манас" айтса, ооруган бала айыгат. Экөө тең бирдей касиеттүү. Бири токтоо айтса, бири айгайлап айтат… Сагынбай Саякбайдан 19 жаш улуу болуптур. Бир окуяны баяндайлы. "Манасты" ар кайсы жеринен чолуп айтып жүргөн Керим Садыбаев аттуу аксакал 60-жылдары Балыкчыга келип, Саякбай Каралаев менен үзөңгүлөш жүрүп, ара-чолодо чай ичип да калат. Өздөрү курлуу адамдар менен сүйлөшүп, өткөн кеткендер тууралуу кеп салышчу экен. Андай күндөрдүн биринде баарлашып отуруп, Сагынбай манасчы тууралуу кеп болуп калат. Эмне дээр экен деп баары тыңдап калышат. Демейде кайраттуу, сөзгө-кепке алдырбаган Саякбай улуу манасчы Сагынбайды мактап келип:

— Эми тигиндей-мындай дейсиңер, бирок жердиги Сагынбайдай манасчы эми чыкпайт, — деп жаны кейип, эчкирейин деп барып, көзүнөн жаш алып токтоп, колу менен ачууланып көзүнүн жашын алып ыргыткан дейт. Бир залкар экинчи бир залкардын ордун, дүйнөсүн, салмагын жоктосо керек да… Кайрандар!

Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. "Балким эч убакытта кайталанбас руханий көрүнүштүр. "Манас" — "Манас" болгондон берки эпостун тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагынбай бир өзү дилине сыйгызып тургандай сезилет", — деп айткан дагы бир улуу инсан, үлкөн жазуучу Чыңгыз Айтматов.

63 жашында дүйнө салган. Сагынбай Орозбаков 1930-жылы ооруп, Ысык-Көлдөн Кочкорго үй-бүлөсү, туугандары менен кетип бара жаткан учурда  көз жумат.

Материалдар ачык булактардан, "Улуу манасчы Сагынбай" жана Каныбек Иманалиевдин "Сагынбай (Кеменгер жөнүндө ода) жана китептерден алынды.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (290)

Тема боюнча

Бакен Кыдыкеева 94 жашка чыкмак... Сахна ханышасы тууралуу кызыктуу 5 факты
Мухтар Ауэзовго 120 жыл. Кыргыз-казак элинин сыймыгы тууралуу беш факты
Белгилер:
каармандык, Манас эпосу, Сагымбай Орозбаков, Ысык-Көл, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ