Саякбай Каралаев жөнүндө эң биринчи тасма. "Манасчы" тууралуу 5 факты

© Фото / из личного архива Болота ШамшиеваСъемки фильма "Манасчи" Болота Шамшиева
Съемки фильма Манасчи Болота Шамшиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш режиссер Болот Шамшиев мындан 52 жыл мурун август айында "Манасчы" фильмин коомчулуктун назарына тартуулаган. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мирбек Сакенов биринчи жолу манасчылык өнөргө кайрылган фильм тууралуу беш фактыны сунуштайт.

Жаш режиссердун алгачкы эмгеги. Болот Шамшиев кыргыздын залкар инсаны Саякбай Каралаев жана манасчылык өнөр тууралуу тасманын сценарийин 22 жашында жазган. Бул эмгек анын Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунда билим алып жүргөндөгү дипломдук иши болгон. 

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Советтик Кыргызстан" гезитинин тасма жөнүндө макаласы
Съемки фильма Манасчи Болота Шамшиева - Sputnik Кыргызстан
"Советтик Кыргызстан" гезитинин тасма жөнүндө макаласы

Көл жээгинде жаралган фильм. Студенттин бул темага кызыгуусу Балыкчы шаарынан Каралаевге кезиккенден кийин пайда болгон. "Манасчы" фильми Ысык-Көл облусунун Бостери, Ак-Өлөң, Темир айылдарында бир жылда тартылып бүткөн. Анда жарым миллиондон ашык сапты жатка билген манасчы 70 жашта болчу.

Кыйың кезең. Режиссёрдун манасчы жөнүндө фильм тартуу демилгеси менен Каралаевге кайрылганда ал каршы болгон эмес. Улуу манасчы кезде манасчы башынан оор күндөрдү өткөрүп жаткан. Уулу Чубак бир баланы бычак менен сайып, 14 жылга эркинен ажыратылган эле. Бирок ага карабай өзгөчө өнөр ээси сунушту түшүнүү менен кабыл алган деп эскерет Болот Шамшиев.

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүДаректүү тасма тартылганда Саякбай манасчы 70 жашта болгон
Даректүү тасма тартылганда Саякбай  манасчы 70 жашта болгон - Sputnik Кыргызстан
1/3
Даректүү тасма тартылганда Саякбай манасчы 70 жашта болгон
© Фото / из личного архива Болота ШамшиеваМосквадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунун студенти Болот Шамшиев
Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунун студенти Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
2/3
Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунун студенти Болот Шамшиев
© Фото / из личного архива Болота Шамшиева"Манасчы" даректүү тасмасынын оператору Алексей Петров иш үстүндө
Манасчы даректүү тасмасынын оператору Алексей Петров иш үстүндө - Sputnik Кыргызстан
3/3
"Манасчы" даректүү тасмасынын оператору Алексей Петров иш үстүндө
1/3
Даректүү тасма тартылганда Саякбай манасчы 70 жашта болгон
2/3
Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунун студенти Болот Шамшиев
3/3
"Манасчы" даректүү тасмасынын оператору Алексей Петров иш үстүндө

Саякбай Каралаевдин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сакадай бою сары алтын, улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө кызыктуу 15 факты
Манас жана кино. Шамшиев киночулардын арасында жаш болгондугуна карабай кыргызга гана тиешелүү өнөргө биринчилерден болуп кайрылган. Анын даректүү тасмасы 1965-жылы көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин Мелис Убукеев 1966-жылы "Улуу манасчы", Айбек Жангазиев 1995-жылы "Кичинекей манасчы" фильмдерин жараткан.

Дүйнө жүзүн багындырган тасма. Болочоктогу СССР Эл артистинин бул эмгеги бир катар эл аралык сынактарды багындара алган. Фильм чыккан жылы эле Германиянын Оберхаузен шаарындагы эл аралык сынакта гран-при алып, 1966-жылы Киев шаарындагы Бүткүл союздук кинофестивалда илимий-популярдуу тасмалар арасында сыйлыкка татыган. Андагы кадрлар азыркыга чейин көптөгөн тасмаларда колдонулуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0