"Жаш канат" бий ансамбли Астанадагы сынакта баш байгелүү болду

© пресс-служба мэрии города БишкекСтоличный хореографический ансамбль "Жаш Канат"
Столичный хореографический ансамбль Жаш Канат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка миңге чукул бала катышып, ыр, бий, улуттук аспап жана мода театры боюнча ат салышкан.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Шаардык "Жаш канат" бий ансамбли Астанадагы эл аралык сынакта баш байгени багынтты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, аталган бий ансамбли Астана шаарында өткөн "Ак көгершин" балдар чыгармачыл сынагына катышкан.

"Конкурска жалпысынан миңге чукул бала катышып, ыр, бий, улуттук аспап жана мода театры боюнча ат салышкан. "Жаш канат" бий ансамблинин кенже тайпасы "Сардал кыз" жана " Биз — каракчы" деген бийи менен баш байгени жеңип кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми аталган бий ансамблинин орто тайпасы 1-орунду камсыз кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0