00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Келин" теледолбоору: боорсок жасап, уй сааганды үйрөнгөн бийкечтер

© Фото / Хадича Харсанова"Келин" жаңы теледолбоорун тартуу учурунда
Келин жаңы теледолбоорун тартуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турмушка чыгууга камынып жаткан кыздарга үй оокатын жасатып, аларды келин болууга даярдап, уй саагандан тарта боорсок жасаганга чейин тапшырма берген "Келин" деп аталган жаңы теледолбоор тартылып жатат.

Аталган реалити-шоу ушул жуманын ишембисинен тарта Коомдук биринчи каналда көрсөтүлө баштайт. Долбоордун жетекчиси Хадича Харсанова Sputnik Кыргызстан агенттигине кызыктуу берүү тууралуу кыскача айтып берди.

© Фото / Хадича ХарсановаДолбоордун алып баруучусу Пазылжан Илимов жана"кайнене" Замира Сатыбалдиева
Съемки реалити-шоу Келин на КТРК - Sputnik Кыргызстан
Долбоордун алып баруучусу Пазылжан Илимов жана"кайнене" Замира Сатыбалдиева

— Бүгүнкү күндө көпчүлүк кыздар интернетте отуруп, Insagram баракчасындагы жасалма жашоону эле билет. Мындан улам биздин негизги максат кадимки реалдуу жашоону ошол кыздар аркылуу чагылдырып, келин болууга даярдап, ар түрдүү жумуштарды жасоого тапшырма берүү. Биз эч нерсени ойлоп тапкан жокпуз, баары чыныгы реалдуу жашоонун негизинде болот. Сынактан уткан кыз жарым сепке сыяктуу баалуу белекке ээ болот.

— Баалуу белектерге сыр болбосо эмне кирет?

— Жеңип чыккан кыз белекке уктоочу эмерек, Түркияга эки кишилик эс алууга билет жана ашканада колдонулуучу идиш-аяктардын топтомун алат.

— Идея эмнеден улам пайда болду?

— Бул идеянын үстүндө үч жылдай ойлонуп, аны командам менен бирге иштеп чыгып отуруп акыры жыйынтык көрө баштадык.

© Фото / Пазылджан ИлимовДолбоордогу "кайнене" бийкечтерге күрүчтү туура басууну көрсөтүүдө
Съемки реалити-шоу Келин на КТРК - Sputnik Кыргызстан
Долбоордогу "кайнене" бийкечтерге күрүчтү туура басууну көрсөтүүдө

— Сынакка канча кыз катышат?

— Башында кастингге алыскы Ат-Башы, Ысык-Көлдөн бери 30дай кыз келген. Алардын ичинен тандап отуруп 10 кызды долбоорго калтырдык. Тандалып алынган кыздардын көбү шаардык кыздар. Анткени алар адамдардын чыныгы жөнөкөй турмушундагы көп нерсени билишпейт, алсак, уй саап, нан жасагандан, огород иштеткенден алыс. Уй саамак түгүл уйду жанынан көрбөгөндөр бар.

— Кыздарды айылга алып барып жумуш жасаттыңарбы?

Латыш келин Анастасия Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылындагы кайын журтунда уй саап жаткан учурда - Sputnik Кыргызстан
Латыш келин Анастасия: Ат-Башыга барып уй саап, нан жапканды үйрөндүм
— Ооба, шаардын четиндеги Кашка-Суу айылына барып ичинде жылуу суу чыкпаган жөнөкөй эле үйдү тандап алганбыз. Ал жактан кыздар үйгө суу ташып келет, үй жылытып от жагышат. Айтор, чыныгы жөнөкөй жашоодогу жумуштарды аткарышат.

— Кыздар ал жакта жашайбы же үйлөрүнө барып-келишеби?

— Жок, кыздар ал жакта жашабайт, анткени буга ата-энелердин көпчүлүгү макулдугун берген жок, болгону тартаар күнү барып турабыз.

— Кыздар финалга кандай жол менен жетет? Же калыстар тобу барбы?

— Кыздарды тандоого атайын калыстар тобу деле жок. Ар бир келинди сындан кайнене өткөрөт эмеспи. Анын сыңарындай биздин кыздарды да сындан өткөрүп, иргеп турган кайненебиз бар. Ал — актриса Замира Сатыбалдиева. Ал эми алып баруучу Пазылжан Илимов. Алар кыздардын кандай жумуш жасап жаткандыгын байкап, анын баары камерага тартылат. Жыйынтыгында ар бир берүүдө тапшырманы аткара албаган бирден кыз четтетилип отуруп аягында финалист калат. Мисалы, биринчи сезондо кыздар боорсок жасап, камыр жууруп, уй саап, от жакканды үйрөнүшөт.

© Фото / Хадича ХарсановаШаардык кыздар айылга барып оокат кылышууда
Съемки реалити-шоу Келин на КТРК - Sputnik Кыргызстан
Шаардык кыздар айылга барып оокат кылышууда

— Анан жыйынтык кандай болуп жатат?

— Буюрса, жакшы. Башында келгенде кыздардын теңинен көбү уй сааганды билбесе, азыр баары үйрөнүп, очокко от жагып, күрүч басып, боорсок жасаганды үйрөнүп калышты. Бул биринчи сезондун тапшырмалары болчу.

— Долбоор өзү канча убакытка чейин созулат?

— Үч айга чейин. Азыр биринчи сезонун тартып бүтүп калдык. Эми экинчи сезондо башка жаңы кыздарды тартабыз. Аларга огород иштетип, жашылча-жемиш айдаганды, жер иштеткенди үйрөнүшөт.

— Долбоорду тартып жаткан учурда кандай кызыктуу окуялар болду?

Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Келинге тиешелүү 12 "болбойт"
— Съемка учурунда көп эле кызыктуу окуялар болду. Алардын ичинен бир күнү бир кызыбыз боорсок жасамак, анан от жагып жатып мага келип "май күйүп жатат, эмне кылам?" деп калды. Мен болсо "отту кичине азайтып кой, май бир аз муздагандан кийин боорсокту бышыра баштасаң болот" деп койгом. Көрсө май чындап эле жалындап күйүп жатыптыр, аны тартуучу топ болуп араң өчүргөнбүз.

— Сынакка катышып жаткан кыздар жакында турмушка чыгышабы? Жигиттери барбы же жигитти да силер таап бересиңерби?

— Кыздардын көпчүлүгүнүн жигиттери бар. Айрымдарынын жакынкы аралыкта үйлөнүү үлпөт тойлору болот. Кээ бир кыздардын жигити жок, бирок жакын арада турмушка чыгабыз деген максаттары бар. Башында айрым кыздар "тажадык, кетебиз" дей башташкан, кичине убакыт өткөндөн кийин кыздардын жигиттери, ата-энелери "аягына чейин катыш, бир нерсе үйрөнүп ал" деп айтышыптыр.

— Кыздардын жаш өзгөчөлүгүнө да басым жасалабы?

— Албетте 18 жаштагы кыздар бул долбоорго катыша албайт. Бизде тартылып жаткан кыздардын жашы 20 жаштан 28ге чейинкилер.

© Фото / Хадича ХарсановаТеледолбоордогу кыздар уй сааганды үйрөнөт
Съемки реалити-шоу Келин на КТРК - Sputnik Кыргызстан
Теледолбоордогу кыздар уй сааганды үйрөнөт

— Бир туугандай болуп калсаңар керек?

— Ооба, сынактан четтетилген кыздар менен азыр да байланышып турабыз. Мен эле эмес кесиптештерим да бул долбоордун үстүндө абдан берилип иштедик. Бул биздин командабыз менен жасаган эксклюзивдүү теледолбоорубуз десек болот.

— Качан жана канчада чыгарын окурмандарга айтып коесузбу?

— Теледолбоорду ар ишемби КТРКдан кечки саат 19:20 көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0