Манас бабам менен баарлашканда

© Иллюстрация из книги "Манас"Китептен тартылган Манас баатырдын иллюстрациясы. Архив
Китептен тартылган Манас баатырдын иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашоодогу эң күлүк нерсе — бул адамдын ою дешет. Бир туруп ааламдын аркы жагын кыдырып, бир туруп ай-асманды чапчып, заматта кыйратып иймейибиз бар. Бу жолу удургуган кыял тээ алыска алып кетти. Болгондо да жүрөктө аяр сактап, качантан бери мээни көзөп дегдеткен Манас атабыз менен маектешүүгө белсендим.

Маек атпай журтка таанымал кара сөздүн чебери Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манас" романынын негизинде жүрдү. Албетте, бул аракетибизди сындап, жиликтеп бере турчулар четтен чыгары турулуу иш. Ошентсе да түптүү журттун туткасы болуп келген Манас атабыз менен "сүйлөшүп" бир бугумду чыгарып алгандай болдум.

— Арыбаңыз, Айкөл ата!

— Бар бол, айланайын. Сен кайсы баласың, тек-жайыңан кеп салчы.

— Менби… менин улутум — кыргыз, урааным — Манас!..

— Ммм… Түптүү журттун кулуну, өзүмдүн урпагым турбайсыңбы. Жети күндөн бери тынбай Улуу жомокту күпүлдөтө айта берип мени козгоп койдуңар.

— Азыр, ата, мурунку заманга караганда кененирээк дем алып калганбыз. Дастанды кытайлар өзүбүздүн атыбыздан каттатабыз дегенде бир ызы-чуу түштүк. Жан далбастап жатып, бүтүндөй үчилтикти жалпы адамзаттын маданий мурасы кылдык. Манасчылар өсүп келе жатат. Уучуңуз куру эмес.

— Теңир жалгасын! Кезинде бири кетип Эренге, бири житип тереңге, кырк уруу кыргыз кыркка бөлүнүп турган кезде кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылдым эле. Жашооңорду көрүп көңүлүм чеч болду. Баягынын бири жок, аябай өзгөрүптүр…

— Ата, мени кыжаалат кылган көп нерсе бар… Өз оозуңуздан угайын дедим эле, бир аз батына албай турам…

— Антчү эмес, жигит деген өткүр болбойбу. Сурачуңду сурап кал.

— Чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, уй түгүндөй кытай кыргыздан кооптонуп жашаган бейпил мезгилде "Чоң казатка" аттанбай эле койсоңуз не болмок? Каныкей энебиз жакшы эле айтты го…

— Ээ, балам, ал тагдырдын иши болчу. Ата менен бабанын, кегин кууп албасам, кыргызга салган кордугун душманга кайра салбасам баатырдыгым кайсы эле. Анын үстүнө Көкөтөй абамдын ашындагы ат чабышта кытайлар чыр чыгарып, болор ишти ылдамдатып жиберишти окшобойбу. Чегибизди чектеп, кыйырыбызды бекитип, кыргызга кара санаган кастар кылымдап баш көтөргүс болсун дебедимби. Антпесек, бирде болбосо бирде баскынчылык кылышмак.

— Ошол аштагы эр сайышта Коңурбайды ээрден түшүрө сайгандан кийин Алгарасын кайра кайтарып бербей эле койсоңуз болмок да. Тулпарын колунан алдыргандан кийин Коңурбай мурдагысындай боло албай калмак… Же ошондо эле биротоло… нары каратып…

— Өзүбүз аш берип күнөөлүү болуп, ошончо элди чакырып конок күтүп жатсак… Ошо да болчу беле, чакырып алып урган иттей кылып. Коңурбай да өз элинин баатыры эмеспи. Канатынан айрылган куштай кылбайын дебедимби…

— Ата, ошондогу ат чабышта Аккула чыгып келбей калса эмне болмок?

— Кыргыздын өрүш толо малы менен казынасы чачылмак. Намыс кетмек. Кепке калып, доско күлкү, душманга таба болмокпуз. Элдин куту учмак. Намыс деген улуу журт. Кыргыз — ошол журттун тукуму. Намыс үчүн башын саят. Ач-тогуна, өлөр-тирилерине карабайт. Миң күндүк жыргалынан "кыйын экен" деген бир сөздү угуп өлгөндү артык көрөт.

— Кудай сактаган да ошондо… Ата, Чоң казатта кытайларды жеңип, кан тактыга отурганда чын эле бирөөнүн жери кыргызга жер болуп берет деп ойлодуңузбу? Эмне анча беймарал жата бердиңиз? Айкөлдүктүн да чеги болот го.

Манас эпосу жана энциклопедия. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манастын" Чоң казат бөлүмү туурасындагы кызыктуу жети факты
— Ант ургурдун шерттен тайып кетерин ким билиптир. Коңурбай айласыз баш ийдим деп, бирок көөдөнүндө ич күптүсү калган да. Мага кызмат кылууга дайындалган ашпозчу менин күнүгө таңда Хан сарайдын алдындагы бакка чыгып, жуунгандан кийин таң кашкайып аткычакты тайынарымды бичикке жазып жүргөн тура. Аны билгенден кийин Коңурбай ууга сугарып даярдаган кол найзасы менен кыр аркага сайып кетпедиби. Алышкандын алы жетпей, күрөшкөндүн күчү жетпей, атышкандын огу өтчү эмес эле. Бала деп зар какшап жүрүп кудайга үнү жеткенде Чыйырды энем мени көрүп, Алтын-Көлдүн суусуна киринтип жатканда далымдын алдында бармак асты жерге суу жетпей калган экен. Шум Коңурбай ошону билип, мелжеди да. Андан кийин кыргыздын колуна каран түн түшүп, эл намысы деп жүрүп түгөйүм Алмам, эгиздерим Чубак менен Сыргагымды жеп албадымбы…

—…

— Кой, балам, жаман адамча жашыган эр кишиге жарашпайт. Кайраттуу болгонуң өзүңө ийги.

— Биз… тиги, эме, кытайлар менен азыр мамилебиз түз эле…

— Ийи, түз болбой анан. Доор алмашат, заман куушат. Ошо боюнча бир орунда отура берген ким бар экен. Ынтымакка не жетсин. Ырашкерлигиңерди арттыра бергиле, бирок дилиңерди тебелетпегиле. Уюткуңарды сактап, Теңир сүйгөн журттун тукуму экениңерди унутпагыла!!!

— Баса, ата, саныбыз алты миллионго жетпедиби! Айлин деген кыз төрөлдү!

— Оо, болсун, айланайын!!! Бешик бооңор бек болуп, ымыркай эл керегине жарасын!

Свякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты
Кезинде Күн жүрүш тарабы Эренге чейин, Түн тарабы Энесай, Күн батышы Орол, Күн чыгышы Тебитти чапчып турду эле бабалар. Бүгүнкүнүн эсеби менен азганактай журт нечен кыйсыпыр замандын капшабына туруштук берип башка эл менен теңтайлашып, жер үстүнөн кыргыз деген атты өчүрбөй келет. Ушуга канимет.

Эл-жер үчүн канын азык, каруусун казык кылар эр уулуң көп болсун! Санжыргалуу журттун боору бүтүн, башы эсен болуп, ак мөңгүлүү Ала-Тоо жетим калбасын! Эң башкысы — бөлүнбө, кыргыз бөлүнбө! Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп кетти кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет! Кыргызым барда, мен бармын!!!

Ак карлуу Ала-Тоого, момун, бирок, катылгандыгын катыгын берген урпактарыма тээ төбөдөн көз салып, караан болуп турганым турган. Түптүү элбиз, түндүгүңөр түшпөсүн! Ынтымагыңарга кут консун! Бар бол, кыргызым!

Кыргызстандын маданий мурастары жөнүндө Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0